Жер тилкелерин трансформациялап берем деп 21 миң доллар алган. Шектүү кармалды

© Фото / пресс-служба МВД КРАлдамчылык менен кармалган шектүү
Алдамчылык менен кармалган шектүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Шектүү Аламүдүндүн тургундарына өзүн Башкы прокуратуранын, ИИМдин кызматкери, жактоочу жана юрист катары тааныштырган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, ал Ж.К. аттуу 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болгон. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратуранын, ИИМдин кызматкери, жактоочу жана юрист катары тааныштырганы аныкталган. Шектүү беш адамдан жер маселесин чечүүнү убадалап, 21 500 долларга алдап кеткен.

"Кармалган жаран Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, алдамчылык жол менен тургундардын каражатына ээ болгон. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан шектүү кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Чүйдө жер алып берем деп Land Rover унаасын алып кеткен аял кармалды. Сүрөт
Аталган фактылар боюнча Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Ж.К. Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Милиция кармалган жарандан жабыркагандар болсо же ал боюнча кандайдыр бир маалымат билсе 0702-20-40-70; 0705-00-88-08 телефон номерлерине кабарлоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0