Каржы пирамидасынан канткенде оолак боло алабыз. Ысык-Көл ОИИБден 7 кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи мошенничества в КР
Случаи мошенничества в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Милиция жаңы катышып жаткандар каражатын сарптагандан кийин каржы пирамидасы белгисиз себептен жабылып, аны уюштургандар акчаны алып аларын эскертти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерди биле жүрүү керектигин айтып берди.

Учурда облустук милиция бул жаатта аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертмелерди таратып жатат.

"Адатта жаңы катышып жаткандар каражатын сарптагандан кийин финансы пирамидасы белгисиз себептен жабылат. Ошол эле учурда мындай схеманы уюштургандар акчанын көп бөлүгүн ээлеп калышат. Жөнөкөй коопсуздук чараларын сактоо менен жарандар алдамчылыктын бул түрүнөн оолак болушат", — деп айтылат маалыматта.

Обращение доллара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2021
Финансы пирамидасынын принциби менен иштеген уюмдар кайсы аймакта экени айтылды
2020-2021-жылдардын аралыгында Балыкчы менен Каракол шаарында уюшулган сегиз каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам көп киши жабыр тартканы белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери соттун кароосуна 50 миллион сомдон ашык зыян келтирген 870ке жакын иш жөнөтүлгөн.

Ысык-Көл ОИИБ шылуундардын торуна түшүп, каражатты алдырып ийбеш үчүн финансылык пирамиданын негизги белгилери тууралуу айтты.

Ири киреше убадалоо

Алдамчылар кирешени жылына 50, 100, керек болсо 200 пайыз менен кепилдик беришет. Негизи оптималдуу киреше депозиттер боюнча чендердин жана банктын насыяларынын орточо пайыздарынын ортосунда болушу керек. Эгерде сизге сунуштаган киреше банк насыяларынын ченинен жогору болсо (Кыргызстандын рыногундагы улуттук валютада 22-25 пайыз) мындай уюм финансылык пирамида болушу мүмкүн.

Продуктунун жоктугу

Паспорт гражданина Кыргызстана и пачка денег. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Бишкек: каржылык пирамида түзгөн шектүүлөр кармалды. Акчанын суммасы асман чапчыйт
Эгерде сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо — бул каржы пирамидасы. Кээде жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок аларды эч ким колдонбойт: бул туристтик кызматтар (элиталык эс алуу), компьютердик сабаттуулук, чет тилдери жана башка ушул сыяктуу программалар. Бул продуктуларды сунуштаган компания улам кошулган адамдардын акчасынан киреше алат.

Башка адамдарды тартуунун эсебинен киреше алуу

Эгерде сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу болсо жана кирешеңиз ошолор кошкон акчалардан түзүлсө муну финансылык пирамида деп айтууга болот.

Жетекчилик, отчёт жашыруун болсо

Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо жана финансылык отчёттуулук берилбесе ага акчаңызды салардан мурда терең ойлонушуңуз керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот.

Акчадан көз каранды болбойсуң дешет

Көбүнчө финансылык пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучулардын психологиясына таасир этишет. Финансылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөп, ишенимдүү убадаларды беришет. Оратор катары башка адамдардын эмоцияларын башкара алган адамдар сүйлөшөт.

Жыйналыш, байгелерди ойнотуу

Сизге анча билбеген жамааттык иш-чараларга, ошондой эле байге жана жолдомо ойнотууларга катышпай эле коюңуз. Финансылык пирамидалар муну ийгиликтүү жана кирешелүү компаниянын образын түзүү үчүн жасашат.

Эң негизги кеңеш

Продление ареста обвиняемым по делу о теракте в метро Санкт-Петербурга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Бишкекте каржылык пирамидадан 35 миң долларга алдап кеткен. Шектүүлөр кармалды
Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөнөкөй нерсе — этият болуу керек. Кепилденген жогорку киреше тууралуу убадага ишенбегиле, каражатыңызды күмөндүү компанияларга жана адамдарга бербегиле. Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле. Эмоцияларга жана убадаларга ишенбей, өзүңүздү башкара билиңиздер.

Акчаны берерден мурун уюмдун уруксат кагаздарын дыкат текшерип, финансылык отчёттуулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарын суроо керек. Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлө турганын, ошондой эле сиздин каражаттар кайда кете турганын тактоо зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0