Энелеш эжесин өлтүргөн деп 16 жаштагы улан шектелүүдө. Кара-Кулжадагы окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкер. Архив
Милиция кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Милициянын айтымында, шектелип жаткан иниси эжесин өлтүргөнүн жашыруу максатында аны мал сарайга асып койгон.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көк-Арт аймагындагы жайлоодо иниси энелеш эжесин өлтүрүп, бирок өзүнүн жанын өзү кыйгандай кылып мал сарайга алып барып асып койгону аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлады.

Алгач Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы аялдын Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болуп калганын участкалык милиционер билдирген. Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 136-беренесинин ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, маркум киши колдуу болгонун аныктаган.

Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери шектүү катары Алайкуу айыл аймагынын 16 жаштагы К.И. аттуу тургунун кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмышын жашыруу максатында сөөктү өзүнүн жанын өзү кыйгандай кылып асып койгондугу белгилүү болгон. Кылмышка шектүү менен жабырлануучунун атасы башка, энеси бир бир туугандар болгон. Сөз талашып уруша кетип, аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган", — деп билдирген милиция.

Шектүүнүн бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Кара-Кулжа райондук сотунун судьясына өтүнүч келтирилип, эки айга камалган.

Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0