Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

© AP Photo / Pavel GolovkinБала көтөргөн аял. Архив
Бала көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0