Тажикстан кармап кеткен лейлектик эки окуучу кайтарылды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Эмиль СадыровМектеп окуучу. Архив
Мектеп окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Бүгүн Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери жана күч структураларынын өкүлдөрү жолугушту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2005-жылкы Ю.Ш. менен Н.Э. Кыргызстанга өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Жаштык айылында 11-класстын эки окуучусун Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул маалыматты айыл башчы Өткүр Халиков тастыктады.

Кармалган балдардын биринин атасы Азам Гапаров билдиргендей, кечээ, 23-сентябрь күнү, чек арага жакын аймакта унаага жүк жүктөп жаткан. Ошол учурда тажикстандык күч органдарынын кызматкерлери аларды кармап, Худжант облусунун Гафуров районунун аймагына алып кирип кеткен.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-сентябрда, Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери жана күч структураларынын өкүлдөрү жолугушту. Анда окуучуларды мекенине кайтаруу жана башка маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында 2005-жылкы Ю.Ш. менен Н.Э. Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган балдар такталбаган чек ара аймагына жакын жерде аткезчилерге жүк жүктөөгө жардам берген.

"Ошол учурда Тажикстан тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын эки жаранын кармап, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унааны Тажикстандын аймагына айдай качкан", — деп айтылат маалыматта.

Ортодо чыр чыгып кетпеши үчүн чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0