Кыздар апасы ажатканага киргенде сууга аккан. Оштогу кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүСуу жээгиндеги кыз. Архив
Суу жээгиндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Кырсык 26-сентябрда болгон. Анда келин эки кызы менен Ош шаарынан Өзгөнгө бара жатып, жолдон түшүп калып ажатканага кирген. Дал ошол маалда кыздар сууга аккан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Сууга аккан 1,7 жаштагы бөбөктү табуу үчүн Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы каналдагы суу токтотулду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Эске салсак, 26-сентябрда 24 жаштагы келин эки кызы менен сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар келинди жана анын үч жаштагы кызын аман алып калышкан.

"Өзгөн шаарынын 24 жаштагы И.М. аттуу тургуну 3 жана 1,7 жаштагы кыздарын Ош шаарынан Өзгөнгө алып бара жатып, Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Тойчу айылына келгенде кичи автобустан түшүп калган. Жолдон ал кыздарын канал жээгине коюп, өзү ажатканага кирип кеткен учурда чүрпөлөрү сууга түшүп кеткен. Аларды куткарам деп апасы да артынан түшүп, агып бара жатканда каналдын боюнда жашаган жергиликтүү тургундар көрүп, келин менен улуу кызын куткарып калышкан. Жабыркагандар Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген, ал эми кичүү кызы табылган эмес", — деди Ашырбаев.

Бөбөктү издөө иштери бүгүн да уланып жатканы айтылды. Ал үчүн Отуз-Адыр каналындагы суу токтотулуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, карта-схемалар чийилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0