Суучул издөө иштери учурунда. Архив

Ошто апасы менен сууга аккан кыздар. 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды

161
Кыздар апасы ажатканага киргенде каналга түшүп кеткен. Аларды куткарам деп апасы кошо сууга агып, улуу кызы менен келинди жергиликтүү тургундар аман алып калган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда сууга аккан 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 26-сентябрда 24 жаштагы келин эки кызы менен сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар келинди жана анын үч жаштагы кызын аман алып калганга жетишип, кичинекей бөбөк табылбай жаткан. Аны издөө үчүн Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы каналдагы суу токтотулуп, куткаруучу, жергиликтүү тургундар ишке тартылган.

"Бүгүн, 28-сентябрь күнү, бөбөктү издөө иштери уланып, ага ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган. Натыйжада саат 10:50дө куткаруучулар 1,5 чакырым жерге агып кеткен кыздын сөөгүн табышкан", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери сөөктү туугандарына өткөрүп бергени кошумчаланды.

161
Белгилер:
Ош, Кара-Суу району, кыз, бөбөк, суу, кырсык, сөөк
Тема боюнча
Кыздар апасы ажатканага киргенде сууга аккан. Оштогу кырсыктын чоо-жайы
Ысык-Көлдө сууга чөккөн кишини жаш жигит сактап калды. Видео
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды

162
Райондук калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси чет өлкөлүк жарандарга паспорт алып берип, ордуна сый акы алып турганы аныкталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кара-Кулжа райондук калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн О.Т.А. аттуу башкы адиси Өзбекстандын жарандарына паспорт берген деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Өзбекстандын жарандары Ю.М.У. жана С.М.С. жасалма документ алып бергени үчүн шектүүгө акчалай сый акы бергени аныкталган.

Задержанный житель Кара-Кульдинского района по подозрению в изготовлении поддельных паспортов
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Факт боюнча Жазык кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 330-беренелери ("Паспортту мыйзамсыз берүү") менен сотко чейинки тергөө башталып, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Учурда чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз документ берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылып жатканы кошумчаланды.

162
Белгилер:
кармоо, жасалма, паспорт, шектүү, Кара-Кулжа
Тема боюнча
Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев. Архив

Октябрь РИИБдин жетекчиси көп балалуу аялдан акча талап кылган деп кармалды

419
(жаңыланган 13:46 22.10.2021)
Жазык кодексинин бир нече беренеси менен Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкекте коррупцияга шектелип Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев жана эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Жогорку прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, прокуратура тарабынан Октябрь РИИБинде кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

"Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдалануу менен сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшкөн. А.Т. аттуу аялдын көп балалуу, жалгыз бой эне болгондугуна карабай себеби жок ички иштер башкармалыгына чакыртып, опузалап ири ѳлчѳмдѳ пара талап кылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык Жазык кодексинин 143-беренеси ("Кыйноолор"), 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"21-октябрда Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген", — деп жазылат билдирмеде.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тергѳѳ жүрүп жатканы кошумчаланды.

419
Белгилер:
прокуратура, пара, кармоо, милиция, коркутуу
Тема боюнча
Президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысы кармалды. Видео
Столдун суурмасынан санап... Чек ара кызматынын жетекчилери кармалган видео
Көмүр. Архив

Бишкектин жанындагы айланма жолдо көмүрдү кымбаттатып саткандар аныкталды

0
12-октябрдан тарта Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Ага ылайык бир тонна көмүр 4 400 сомдон ашпашы керек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин төмөнкү жагындагы айланма жолдогу көмүр саткан жайлар текшерилип, сатуучулар бааны көтөрүп салганы аныкталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын мамлекет убактылуу жөнгө салып турмай болгон. Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021-2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Текшерүүгө бир катар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери чыкты.

"Баалар көтөрүлүп кеткенин көрдүк. Сатуучулар бир тоннасына 5 миң сомдон сурап жатыптыр. Монополияга каршы орган эскертүү берди. Көмүр калкка эң кымбат дегенде 4 400, жүктөп берсе 4 500 сомдон сатылышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Сатуучулар мыйзамды бузуу менен мындан ары дагы бааны жогорулатса, жоопко тартылары айтылды.

 

0
Белгилер:
Бишкек, көмүр, баалар, текшерүү, кымбатчылык
Тема боюнча
Кыргызстандын ар тарабында көмүр канчадан сатылууда? Инфографика
Жакыпов: "Кыргыз көмүр" ишканасынын жеке лабораториясы жок
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти