Ооруканадагы бейтап. Архив

Москвада кара-суулук 26 жаштагы жигит ок жеп, ооруканада оор абалда жатат

274
(жаңыланган 18:14 28.09.2021)
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жаран өтө оор абалда ооруканада жатат. Ага баш сөөк жаракаты жана мээнин шишиги деген диагноз коюлган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москвада Кара-Суу районунда туулган 26 жаштагы А.З. октон жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү Москванын "02" кызматына чакыруу түшкөн. Анда ок жеген киши Тез жардам кызматы менен реанимация бөлүмүнө жеткирилгени кабарланган. Жабырлануучуга баш сөөк жаракаты жана мээнин шишиги деген диагноз коюлган.

"Факты боюнча Москва шаарынын Красносельск району боюнча тергөө бөлүмү "Ден соолукка атайылап оор залака келтирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Элчилик Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен иштешип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда жабырлануучу өтө оор абалда жаткандыктан элчиликтин кызматкерлери аны менен сүйлөшө электиги айтылды.

274
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, жаран, ок атуу, кылмыш
Тема боюнча
Жакында эле үйлөнгөн. Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат
Голливуд актёру Алек Болдуин. Архив

Актёр Алек Болдуин тасма тартуу учурунда атып алган оператор аял көз жумду

4
(жаңыланган 10:22 22.10.2021)
Тасма тартуу учурунда актёр бир гана операторду эмес, режиссёрду дагы аткан. Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанчадан ок чыгарып, жыйынтыгында оператор аял каза болду. Бул тууралуу Нью-Мексико штатындагы Санта-Фе округунун шерифи Хуан Риоско шилтеме берип РИА Новости жазды.

Шерифке актёр Алек Болдуин тасмага реквизит катары пайдаланылып жаткан куралдан ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Эреже боюнча ал куралга огу жок патрондор салынышы керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Кесепетинде Алина Хатчинс аттуу 42 жаштагы операторго ок тийип, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок. Ал эми акырегинен жаракат алган режиссёр Жоэл Соус аман калды. Анткен менен оорукана түшүп, учурда абалы оор деп бааланууда", — деп айтылат кабарда.

Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек.

Эмне себептен куралга ок салынганы жана актёр аны эмне себептен режиссёр менен оператор тарапка каратып атканы азырынча белгисиз.

4
Белгилер:
АКШ, тасма, курал, оператор, ок атуу, өлүм, Алек Болдуин
Груша менен машыгып жаткан бала. Архив

Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду

187
(жаңыланган 15:55 21.10.2021)
Милицияга окуя тууралуу медиктер кабарлашкан. Каргаша Жети-Өгүз районуна караган Кабак айылында болгон.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өспүрүм бала боксёрдук грушаны ургулап жатып анын жибине асылып калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган грушаны ургулап ойноп жатып, кокусунан жипке асылып калган.

Милиция кызматкерлерине кырсык тууралуу медиктер кабарлашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эмес.

 

187
Белгилер:
бала, Ысык-Көл, өлүм
Тема боюнча
Баштыктын ичине салып койгон. Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылды
Базарга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү Чоң-Алай суусунан табылды