Бишкектеги кампадан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кампадан чыккан ири өрттү өчүрүү
Бишкектеги кампадан чыккан ири өрттү өчүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Өрт 850 чарчы метрге жакын аянтты жалмаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттү толугу менен өчүрүүгө төрт саат кеткен.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкектин Кулиев көчөсүндө жайгашкан "Империя пиццы" кафесинин жанындагы кампадан чыккан өрт толугу менен саат 17:23тө өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Бишкекте Империя пиццы кафесинин жанындагы өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин жанындагы өрт кантип өчүрүлдү. 11 сүрөт
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 13:03тө төрт бригада тартылган. Адегенде "Империя Пиццы" кафесинин имараты өрттөнгөнү айтылган. Кийин тилсиз жоо ага жакын жайгашкан имаратты жалмаганы аныкталды.

Өрт 850 чарчы метрге жакын аянтты жалмаган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн чыгышына өрт коопсуздугунун сакталбашы жана кампага жакын жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөнү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0