Чүйдө бир жыл мурда жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө. Сүрөт

© Фото / Pixabay/ Jon AustinКыз телефон кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз телефон кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Чүй облустук милициясы эки адамды издеп жатат. Алардын бири былтыр жоголсо, экинчиси ушул жылдын май айынан бери дайынсыз болууда.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Чүй облустук ички иштер бөлүмү бир аял менен бир кызды издеп, ЖМКларга алар тууралуу маалымат таратты.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБез вести пропавшая Рахат Тыныбекова, 2004 года рождения
Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБез вести пропавшая Гульмира Кадырова, 1985 года рождения
Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган
1/2
Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган
2/2
Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган

Жок болуп жаткандардын бири — Тыныбекова Рахат Кубатбековна, 2004-жылы туулган. Гавриловка айылындагы үйүнөн өткөн жылдын 14-октябрында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кара, кыска кыркылган.

Экинчиси — Кадырова Гүлмира Кенжеевна, 1985-жылы туулган. Сокулук айылынын тургуну, үйүнөн ушул жылдын 15-майында чыгып кеткен.

Белгилери: бою 168 сантиметр, чачы кара, далысынан бир аз ылдый түшүп турат. Башында жоолугу болушу мүмкүн.

Бул адамдар тууралуу маалыматты билгендер болсо төмөндөгү номерлерге кайрылса болот:

Чүй милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;

Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү — (0312) 60-75-67;

Издөө тобу — 0558 86 14 86,0709 35-35-29.

Жаңылыктар түрмөгү
0