Чычкан суусуна автоунаа кулап, бир аял каза болду. Сүрөт

CC0 / majdharma / Поиски упавших в реку людей
Поиски упавших в реку людей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Көз жумган аялдан тышкары 43 жаштагы экинчи аял жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу барган.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Ош жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
"Каза болгон аялдан башка 43 жаштагы экинчи аял жабыркаган. Жаракат алган аялды жана көз жумган маркумду Тез жардам кызматы алып кетти", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу барган.
Жаңылыктар түрмөгү
0