Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Архив

Токмокто 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Унаа президенттик аппаратка карайбы?

7901
(жаңыланган 18:42 03.10.2021)
Буга чейин айрым ЖМКлар Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа президенттин администрациясына караштуу экенин жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Токмокто Toyota RAV4 менен Mazda үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ЖКККББнын маалымат катчысы Тимур Мирсадык уулу кабарлады.

Анын айтымында, жол кырсыгы 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Токмоктогу Гагарин менен Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Кырсыктан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаанын эки жүргүнчүсү каза тапкан. Андан тышкары, эки автоунаадан жалпы алты адам жабыркап, баары ооруканага кайрылган", — деди Мирсадык уулу.

Буга чейин айрым ЖМКлар Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа президенттин администрациясына караштуу экенин жазып чыгышкан. ЖКККББ өкүлү бул маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Анын айтымында, кырсыктаган эки автоунаа тең жөнөкөй эле адамдардыкы болгон.

7901
Белгилер:
Токмок, жол кырсык, өлүм, президенттик администрация
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (175)
Тема боюнча
Чычкан суусуна автоунаа кулап, бир аял каза болду. Сүрөт
Mercedes-Benz жардан кулап кетпей аз жерден калган. ӨКМдин сүрөтү
Чүйдөгү жол кырсыгында дагы эки киши көз жумду, айдоочунун мас экени аныкталды
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт

Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады

106
(жаңыланган 10:53 26.10.2021)
Арыз жазгандардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Биринчи май РИИБге жети киши Мамытбекти алдамчылыкка айыптап кайрылган. Алардын айтымында, блогер кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болду.

Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү былтыр февраль айында Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Июнда ага кылмышка шектелип жатканы боюнча кабар берилген жана сыртынан баш коргоо чарасы тандалып, борбордогу №1 тергөө абагына киргизилмек.

Бирок августта Мамытбекке карата тергөө токтотулган, бул ага издөө жарыяланышы менен байланыштуу болгон.

Кечээ, 25-октябрда, шектүү Кыргызстанга келери менен Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

106
Белгилер:
блогер, алдамчылык, милиция, кармоо, Гүлзат Мамытбек
Тема боюнча
Кара-Кулжада өзбекстандыктарга жасалма паспорт берип жүргөн адис кармалды
Таанышканына эки күн болгон. Чүйдө кыз ала качты деп төрт киши кармалды
Жолдо бараткан унаа. Архив

Юградагы жол кырсыктан кыргызстандык жубайлар набыт болду

164
(жаңыланган 17:46 25.10.2021)
Каргашалуу окуя Юградагы Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы трассада болгон. Анын кесепетинен 22 жана 19 жаштагы жубайлар көз жумду.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Россиядагы Ханты-Мансийск автономдук округундагы (Югра) жол кырсыктан кыргызстандык жубайлар каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 23-октябрь күнү Юградагы Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы трассада болгон. Анын кесепетинен 22 жаштагы А.А.М. жана 19 жаштагы А.К.А. набыт болгон. Автоунаанын рулунда А.А.М. аттуу адам отурганы айтылды.

"24-октябрь күнү элчиликтин кеңсесинде келиндин бир тууганы менен жолугушуу өттү. Ага маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби түшүндүрүлдү. Когалым жана Ноябрьск шаарларынын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү кошулуп маркумдун тууганына активдүү жардам көрсөтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 25-октябрда, элчиликтин кеңсеси Югранын Сургут району боюнча тергөө бөлүмү менен байланышкан. Алар каза болгон айдоочунун унаа башкарууга уруксат кагаздары жок болгондугуна байланыштуу тергөө органдары окуянын чоо-жайын тактап жатканын айтышкан.

"Буга карабастан тергөө башкармалыгы кырсыктан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө тиешелүү бардык уруксаттарды берет", — деп айтылат маалыматта.

Элчилик маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга тез арада жөнөтүү үчүн кошумча каттамдарды иштеп чыгууда.

164
Белгилер:
Россия, жол кырсык, Кыргызстан, элчилик
Тема боюнча
Ысык-Көлдүн Кырчынында КамАЗ сайга кулап, бир киши каза тапты. Сүрөттөр
Ноокатта жол кырсыгына кабылган мугалимдердин бири бүгүн ооруканада көз жумду
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

0
1999-жылдагы Баткен окуясынын түштүк региону боюнча аскер бөлүмүнүн жетекчиси, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин статусу каралышы керектигин айтты.

Баткенчи-жоокерлердин эрдиги бааланып, мамлекет тарабынан ар бирине колдоо көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Чотбаев: Баткен коогасына катышкан жоокерлердин эрдиги бааланышы керек

Анын айтымында, Баткен окуясына катышкан жоокерлердин статусуна байланышкан маселе согуш жыйынтыкталгандан бери көтөрүлүп, чечилбей келет.

"Баткен согушуна катышкан жоокерлерге статус берүү тууралуу маселе 1999-жылдан бери көтөрүлүп келет. Башында ошол учурдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен жоокерлерди колдоо максатында 3000 сомдон берилип турган. Кийинчерээк аны алып салышкан. Бүгүнкү күнгө чейин коогалаңдын катышуучуларынын статусу көтөрүлсүн деп аракет көрүп келебиз. Мисалы, афган согушунун ардагерлери ай сайын 6 миң, майып болгондор 7 миң, каза болгон жоокерлердин ата-энелери миң сомдон мамлекеттен акча алышат. Мекен алдында өзүнүн аскердик милдетин так аткарып, берген антына бекем туруп, ѳлкѳбүздүн эгемендиги үчүн ѳмүрүн берген жоокерлерибиздин эмгеги бааланышы абзел", — деди Чотбаев.

Ошондой эле генерал-полковник учурда Баткен окуясына катышкан жоокерлер болгону киреше салыгынан бошотулганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

0
Белгилер:
Абдыгул Чотбаев, Баткен окуясы, жоокер, статус, чек ара, согуш
Тема боюнча
Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн