УКМК: Молдовановкадагы түрмөнүн жетекчиси кармалды. Видео

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Шектүү 7-октябрь күнү акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын алдындагы №31 түзөтүү абагынын (Молдовановка айылында жайгашкан) жетекчиси А.Т.О. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, ал КР Жазык кодексинин 319-беренесине ("Коррупция") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлдү.
"Жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Шектүү 7-октябрь күнү акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0