АКШнын полиция кызматкерлери. Архив

АКШда кыргызстандыктын өлүмү: ЖМК окуянын чоо-жайын жазды

624
Маалыматка караганда, алгач кыргызстандык полициянын айтканына баш ийбей, өзүнүн автоунаасынан чыкпай койгон. Кийин качып кетүүгө аракет кылып, полициянын үч автоунаасын сүзүп өткөн. Ошондон кийин ага ок атылган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Пенсильвания штатында полициянын огунан каза тапкан Кыргызстандын жараны карактоо боюнча шектелип жаткан. Бул тууралуу жергиликтүү PaHome Page порталы жазды. 

Маалыматка караганда, полиция каргашалуу окуя болгон жерге чейин анын артынан аңдып барган.

“Алгач кыргызстандык полициянын айтканына баш ийбей, өзүнүн автоунаасынан чыкпай койгон. Кийин качып кетүүгө аракет кылып, полициянын үч автоунаасын сүзүп өткөн. Ошондон кийин ага ок атылган. Жыйынтыгында жаран көз жумган. Полициянын бир нече офицери жеңил жаракат алган”, — деп жазылат кабарда.

Буга чейин Пенсильвания штатында полициянын машинасын койдуруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусун тартип сакчылар атып салганы, ал Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй КР ТИМи маалыматты тастыктаган. 28 жаштагы кыргызстандык, алдын ала маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлеринин колунан 5-октябрь күнү каза болгон.

624
Белгилер:
АКШ, жаран, полиция, өлүм
Тема:
АКШда полициянын огунан набыт болгон кыргызстандык (6)
Тема боюнча
АКШда полиция кызматкерлери атып салган кыргызстандык. ТИМ үн катты
АКШда жүк ташыган айдоочуну полиция атып салды. Маркум КР жараны болушу мүмкүн
Груша менен машыгып жаткан бала. Архив

Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду

119
(жаңыланган 15:55 21.10.2021)
Милицияга окуя тууралуу медиктер кабарлашкан. Каргаша Жети-Өгүз районуна караган Кабак айылында болгон.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өспүрүм бала боксёрдук грушаны ургулап жатып анын жибине асылып калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган грушаны ургулап ойноп жатып, кокусунан жипке асылып калган.

Милиция кызматкерлерине кырсык тууралуу медиктер кабарлашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эмес.

 

119
Белгилер:
бала, Ысык-Көл, өлүм
Тема боюнча
Баштыктын ичине салып койгон. Бишкекте ымыркайдын сөөгү табылды
Базарга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү Чоң-Алай суусунан табылды
Сузак районундагы орто мектепти

УКМК: Сузакта орто мектепти курууда мамлекет 5 млн. сомдой зыян тарткан

48
(жаңыланган 15:15 21.10.2021)
Капиталдык курулуш дирекциясынын кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен мектептин курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатууну сүйлөшүп алганы аныкталган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы орто мектепти курууда мамлекетке 5 миллион сомго чукул зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, облустагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Талаа-Булак айылындагы Матиев атындагы №76 орто мектептин курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алганы аныкталган.

"Курулуш-монтаждоо иштеринин анык көлөмү жана баасы ашыкча бааланган. Ошондой эле жооптуу адистер техникалык көзөмөл, курулуш эрежелеринин талаптары, объектилерди пайдаланууга берүү жаатында мыйзам бузууларга барган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилген", — деп билдирди УКМК.

Аталган факты Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") 2-бөлүгү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда бардык жагдайлар аныкталып, күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

48
Белгилер:
Жалал-Абад облусу, Сузак району, УКМК, мектеп, курулуш
Тема боюнча
Экспортко тоскоолдук кылган. УКМК Айыл чарба министрлигинин кызматкерин кармады
Столдун суурмасынан санап... Чек ара кызматынын жетекчилери кармалган видео
Аткаминерлер. Архив

Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады

0
(жаңыланган 19:27 21.10.2021)
Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз аймагындагы тазалык жана тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү республикалык кеңешменин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө мал-жандыкты сертификациялоо демилгесин эске салды. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөй турганын белгилеп, Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.

Ал эми мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүп, 2022-жылдын 1-кварталында анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.

Дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталууга тийиш.

Ошондой эле Жапаров тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин да баса белгиледи.

"Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Сингапурда адамдар сагызын да жерге таштабайт, бардык көчөлөр таза, жашыл. Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери сиздердин компетенцияңыздарга кирет. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйынтыгында Жапаров парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.

0
Белгилер:
Акылбек Жапаров, аткаминер, милдет, тапшырма
Тема боюнча
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди