Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив

Сузакта айыл өкмөттүн имараты өрттөндү. Жүрөк үшүн алган сүрөт, видео

183
Дээрлик бир сааттан кийин өрт чектөөгө алынып, ушу тапта толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы айтылды. Кошумча маалымат берилет.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында жайгашкан көмүрканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта кырсык тууралуу кабар эртең менен түшкөнү белгиленди. Саат 8:16да бир бөлүм, андан соң дагы эки өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен.

Дээрлик бир сааттан кийин өрт чектөөгө алынып, ушу тапта толук өчүрүү иштери жүрүп жаткан айтылды. Кошумча маалымат берилет.

183
Белгилер:
өрт, ӨКМ, Жалал-Абад, Сузак району, имарат
Тема боюнча
Түндө Бишкектеги "Кыял" базарынан өрт чыкты. Сүрөт
Чүйдө өрттү өчүрөм деген кароолчулар күйүк алып, реанимацияда жатат
Жолду кардан тазалоо иштери. Архивдик сүрөт

Куткаруучулар Казарман Жалал-Абад жолунан 9 кишини аман алып калды. Видео

153
(жаңыланган 21:58 23.10.2021)
Ашууда калган тогуз адамдын арасында аял жана жаш бала болгон. Куткаруучулар аларга түнкү саат үчтөрдө жеткен.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. ӨКМдин жыйырмага чукул кызматкерлери Казарман — Жалал-Абад жолунда кар калың жаагандыктан ашууда калган 9 адамды аман алып келишти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Министрлик окуянын видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Бир нече киши 22-октябрь күнү жолдо калган.

"Казарман — Жалал-Абад жолунун 87-91-чакырымында (Сары-Кыр ашуусу, Шаркыратма тилкеси) аба ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу эки КамАЗ мал жандыктары менен, бир жеңил автокөлүк тогуз адамы менен аша албай калган. ӨКМ кызматкерлери 23-октябрда түнкү саат 02:58де ал жерге жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ашууда калган тогуз кишинин арасында аял жана жаш бала болгон.

Куткаруучулар кабар келген аймакка 700 метр калганда техника бара албай, жөө чыгып, ашуудагыларды алып түшкөн.

ӨКМден куткарылгандардын абалы жакшы экендигин жана Жалал-Абад шаарына жеткирилгендигин билдирди.

153
Белгилер:
Кыргызстан, Сузак району, ӨКМ, куткаруучу, ашуу
Тема боюнча
Куткаруучулар Көл-Төрдө жоголуп кеткен 10 индиялыкты тапты
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Бишкекте таңга маал батир өрттөнүп, ичиндеги киши көз жумду. Сүрөт

85
(жаңыланган 20:27 23.10.2021)
Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Министрлик маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Таңга маал Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн ичинде калган эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"Саат 04:02 чамасында Ленин районунун Ден Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирде жыгач пол жана диван күйгөн. Өрттүн кесепетинен бир эркек киши көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Адам өмүрүн алган тилсиз жоо толугу менен саат 04:52де өчүрүлгөн. Министрликтен өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыкканын жана маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгын билдирген.

85
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, өрт
Тема боюнча
Ошто кара чайыр цехинде өрт чыгып, үч өзбекстандык жаран жабыркады
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун китептери. Архивдик сүрөт

Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет

18
Атактуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков тирүү болсо быйыл токсон жашка чыкмак. Ал он жыл мурда дүйнө салган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эскерүү иш-чарасы 25-октябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктаган. 1960-жылы "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы болуп ишке кирет. Журналда иштеген 13 жыл ичинде башкы редакторлукка чейин жетет. Андан соң 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген.

Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири, "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.

Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчилигин аркалаган.

1986-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамын алган, 2006-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, ошол эле жылы Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында инсульт алып көз жумган.

18
Белгилер:
Төлөгөн Касымбеков, жазуучу, эскерүү
Тема боюнча
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп