Милиция Таластагы мейманканада тополоң салган киши тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын автоунаасы. Архив
Милициянын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Кармалган жаран мас болгон, окуянын себеби такталууда. Учурда ал шаардык милиция бөлүмүндө сурак берип жатат.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Талас шаарындагы Kerben Palase мейманканасында тополоң салган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө 11-октябрга караган түнү 04:30дар чамасында чакыруу түшкөн.
"Ыкчам-тергөө тобу барганда О.С. аттуу 38 жаштагы киши мас болуп мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салып жатканы аныкталган. Мындан сырткары, сыртта токтоп турган Volkswagen Polo жана Nissan үлгүсүндөгү эки автоунаанын терезелерин сындырган. Кылмышка шектүү шаардык милиция бөлүмүнө алып келинип, сурак берип жатат. Ал мындай ишке эмне себептен барганы белгисиз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал Талас шаарынын тургуну экени жана эч жерде иштебей турганы белгиленди. "Шектүү милицияда иштеген" деген маалымат да жалган болуп чыкты.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык беренеси менен катталган. Окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Талас шаарынын чок ортосунда жайгашкан мейманканага белгисиз киши кол салып, конокторду сыртка кууп чыкканы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0