Арканы имараттан узун болгон. Казакстанда "тарзанкадан" секирген аял каза тапты

331
Факт боюнча кылмыш иши козголду. Аттракциондун ээси менен жумушчулары көрсөтмө берип жатышат. Тергөө трос эмне себептен имараттын бийиктигинен узун болуп калганын аныктоодо.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Карагандада (Казакстан) аттракциондон секирген аял жерге кулап набыт болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Тарзанка" "Созвездие" мейманканасынын эң үстүнкү кабатына орнотулган. 33 жаштагы аял 25 метрлик бийиктиктен секирип, жердеги бетон конструкцияга урунган. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.

"Бейтаптын баш сөөгүнө операция жасалып, гематома алынган. Бирок дарылоодон майнап чыкпай, аял каза тапты", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыкка тростун имараттын бийиктигинен узун болуп калганы себеп болгон. Анын кесепетинен аял жакын адамы менен досторунун көз алдында жерге кулаган.

Аял аттракциондон секирер алдында ага "мен сени сүйөм" деп кыйкырган жигиттин үнүн видеодон угууга болот.

Факт боюнча кылмыш иши козголду. Аттракциондун ээси менен жумушчулары көрсөтмө берип жатышат. Тергөө трос эмне себептен имараттын бийиктигинен узун болуп калганын аныктоодо.

331
Белгилер:
Казакстан, Караганда, аттракцион, трос, канат, кылмыш
Тема боюнча
Бостериге бир күнгө барып набыт болгон бала. Аким аквапарк боюнча жооп берди
Водолаз. Архив

Балык уулайм деп... Аламүдүндө суудан 63 жаштагы кишинин сөөгү табылды

40
(жаңыланган 11:10 28.10.2021)
Балык кармайм деп кеткен киши эки күндөн бери изделип жаткан. Куткаруучулар анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун Виноградное айылында суудан 63 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 26-октябрь күнү болжол менен саат 11:00дө 102 кызматына Ч.А. аттуу 63 жаштагы эркек киши Ат-Башы каналынан балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

28-октябрда жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Аламүдүн районунун төрт куткаруучусу барган. Алар изделип жатканын кишинин сөөгүн суудан таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.

40
Белгилер:
ӨКМ, сөөк, суу, балык, кырсык
Тема боюнча
Баткенде издөөдөгү 33 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылды
Чүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду

Чүйдө бакты сүзгөн унаадагы эки адам мүрт кетти. Окуя болгон жерден сүрөт

160
(жаңыланган 12:28 27.10.2021)
Чүй облусунун аймагындагы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулга ээ боло албай калышы себеп болгон. Унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Чүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Последствия ДТП на 65 километре автодороги Бишкек — Нарын — Торугарт
© Фото / пресс-служба МЧС
Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн

Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек каза болуп, дагы бир киши жабыркаган. Куткаруучулар набыт болгондордун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаран менчик унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

160
Белгилер:
жол кырсык, өлүм, Чүй облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Суусамырдагы жол кырсыгынан эки адам мерт болуп, 10 киши жабыркады. Сүрөт
Ысык-Көлдүн Кырчынында КамАЗ сайга кулап, бир киши каза тапты. Сүрөттөр
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова

Кул мүнөз адамдар кайдан чыгат? Франциядагы психолог Зейнегүл менен маек

0
Кыргызстандык Зейнегүл Кудайбергенова учурда Франциянын Лион шаарында психолог болуп эмгектенет. Атайын клиникада иштеп, жеке кабинет да ачкан. Европада окуган 36 жаштагы Зейне учурда бардык психологиялык маселелер боюнча адис.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы психолог Зейнегүл Кудайбергенова менен байланышып, андан социалдык психологияга байланышкан бир катар суроолорго жооп алган.

— Kgpsycom долбоорунун үстүндө иштеп жатыпсыздар. Кененирээк айтып берсеңиз?

— Кыргызстандыктарга психологиялык жардам көрсөтүүчү ыктыярчылар долбоорун баштаганыбызга үч ай болду. Бирок идея жарым жыл мурда эле жаралган. Буга Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү психологдор менен чогуу иштешким келгени түрткү берди. Алгач соцтармак аркылуу эки-үч психолог менен кеңешип, анан тексттерди жайылтып, видео тартууну жана кыргыз тилинде сайт түзүүнү сүйлөштүк. Анткени кыргызча психологиялык китеп, макалалар аз же такыр эле жок. Психологдордун бардыгы орус же башка тилдерде билим алышкандыктан кыргыз тилдүү аудиториянын бул жаатта маалыматы аз. Ал ортодо Баткендеги каргашалуу окуялар болуп кетти. Мындай учурда ар бир кыргыз кайдыгер карап отура албаса керек. Германиядагы IT-адис Азамат Токтакунов баткендиктер менен түз байланышууга мүмкүн болгон платформа жасап берди. Дароо таблица түзүп, телефон номерлерибизди жазып, стресске кабылган мекендештерге жардам бере баштадык. Башында дүйнөнүн ар тарабында иштеген кыргызстандык психологдордун көбү көмөктөшүүнү каалаган, акыры эки-үчөөбүз эле калдык. Бизге көбүнчө жеке көйгөйлөрүн айтып кайрылышат. Бирок азыр демөөрчүлөрдүн колдоосуна да муктажбыз.

Платформада ар бир психолог өзүнө жакын ар кандай темада макала жазса болот. Эч кандай милдеттеме жок. Эми чет жердеги IT тармагында иштеген балдар бизге кыргызча психология деген аталыштагы сайт жасап берүүнү убадалашууда. Ал жакта жалаң эне тилибиздеги подкасттар, макалалар, видеолор болот. Алдыда семинар, лекцияларды өткөрүүнү пландоодобуз. Азыр дүйнө алдыга жылып, психология да өнүгүп жатат. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, сүйлөшүүсү да башка. Ошол себептен биз да бир орунда турбашыбыз керек деген ойдомун.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Азыр дүйнө алдыга жылып, психология да өнүгүп жатат. Адамдардын бири-бирине жасаган мамилеси, сүйлөшүүсү да башка. Ошол себептен биз да бир орунда турбашыбыз керек.

— Ар бир улуттун менталитети болгондой эле психологиялык да өзгөчөлүктөрү болсо керек?

— Албетте, адамдын психологиясына менталитети жана маданияты да таасир этет. Анын кандай чөйрөдө чоңойгону, жашоосунун контексти, кайсы улуттан экендиги жана өз улутунун маданий өзгөчөлүгүн билип, түшүнгөнү абдан маанилүү. Бир нече маданияттын ортосунда чоңойгон адамдар да бар.

Жеке маданиятыбыз ой жүгүртүү процессибизге, ишенимибизге, баалуулуктарыбызга жана бирөөгө жасаган мамилебизге таасир этет. Ар бир улуттун психологиясында айырмачылыктар, ошондой эле универсалдуу жактары да бар.

Адис катары башка улуттагы, ар түрдүү маданиятта өскөн адамдардын психологиясын түшүнүү мага оор эмес. Азыр Эфиопиядан келген бала менен иштеп жатам. Аларда бардык психикалык ооруларды "шайтан басып алды, жаман духтар, башка жан кирип кетти" деп түшүнүшөт. Ал эми психолог буга сый мамиле жасашы керек. Четке кагуу мүмкүн эмес.

Адамдын өз маданияты, салт-санаа, үрп-адаты менен терең байланышта болгону абдан маанилүү. Францияга Алжирден, Түндүк Африкадан келген мигрант ишкерлер адаптациялашуу максатында балдарын француз мектептерине берип, үйүндө да французча сүйлөшө башташкан. Кийин алардын бала-бакырасынын иденттүүлүгү боюнча маселе жаралып, "мен киммин?" деген суроого жооп таппай кыйналышты. Азыр үйүндө кайрадан эне тилинде сүйлөшүп, өз маданиятына кайтышууда. Бул адамда прогресс болгондугун билдирет. Жакшы интеграция болуу үчүн адам эки маданиятты тең батыра билүүсү керек. Улуттук баалуулуктарыбызды унутсак урпактарыбыз өзүнүн кимдигин тааный албай, жашоодо ордун таппай кыйналат. Алар канындагы маданиятын, менталитетин таанып, аны менен байланышта болушу керек.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Адамдын өз маданияты, салт-санаа, үрп-адаты менен терең байланышта болгону абдан маанилүү

— Кыргыздарда, өзгөчө, улуу муун арасында ата-энесинен жөнөкөй эле "мен сени жакшы көрөм, кыйын баласың" же "сен сулуу кызсың" деген сөздү укпагандар абдан көп. Мындай жагдай терс таасир тийгизет дешет. Негизи кандай?

— Ооба, туура айтасыз. Биздин салтта да ички сезимибизди түз билдирүү маданияты жок. "Мен сени жакшы көрөм" же "сага капа болуп жатам" деп бетке айтпайбыз. Эмнегедир азиялыктар ички сезимин ачып көрсөтпөйт. Кыргыздар гана эмес кытай, таиланд, вьетнам, япондордо да ушул сапат бар. Биз коллективдешкен коомдо "жан дүйнөнү ачууга болбойт" деген менталитет менен жашайбыз. Бирок дүйнөдө универсалдуу маданияттын жайылышынан улам балдарыбыз да өзгөрүүгө дуушар болуп жатышат. Азыр индивидуалдуу психологияга басым жасалып, жаңы түшүнүктөр калыптанууда.

Кээ бирлер мага ата-энеси ага эч качан "сени жакшы көрөм", "сенин колуңдан келет", "сага ишенем" же "сыймыктанам" деп айтпаганына даттанышат. Кадимкидей көңүлү ооруйт. Бирок мурда улуу муундарда "жакшы көрөм", "сен мен үчүн баалуусуң" деген сөздү айтуу маданияты калыптана элек болчу. Акырындык менен бул көрүнүштөр жөнгө салынып, ата-энелер да балдарына сезимин түз билдирип калышты. Бирок ата-эненин "жакшы көрөм" деген сөзүн укпаган балдардын баарынын эле психологиясына доо кете бербейт. Жакындарынан жакшы сөз укпастан жалаң орой мамиле менен ур-токмокко дуушар болгон жана кандайдыр бир таарынычы бар баланын гана психологиясы бузулат. Бала ата-энесинин ишаратынан, камкордугунан эле жакшы көрөрүн сезип турат, өзүн керексизмин деп эсептебейт. Бул адамдын сезимталдуулугуна да жараша болот. Эгер бала өзгөчө сезимтал болсо, анда ага айтып туруу керек. Мындай адамдар баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Жакындарынан жакшы сөз укпастан жалаң орой мамиле менен ур-токмокко дуушар болгон жана кандайдыр бир таарынычы бар баланын гана психологиясы бузулат.

— Коллективдешкен жана индивидуалдуу маданияттын кандай айырмачылыгы бар?

— Менимче, биз эки маданиятты тең карманып, орток позицияда болушубуз керек. Коллективдешкен маданияттын да көп жакшы жери бар. Мында адамдар тыгыз байланышта болгондуктан кайдыгерликтен алыс, бири-бирине карамдуу болушат. Биз ата-энебизге күйүп-бышып, аларды бакканга аракет кылабыз. Алар балдары үчүн баарын берип, жакшы чоңойтууга бел байлашат. Бирок замандын агымы менен индивидуалдуу маданиятты да көзгө илбей коюуга болбойт. Анткени жаштарыбыз башка дүйнө менен байланышып, чет өлкөдө окуп, маалымат алып жатышат. Биздин маданиятыбыз да башкаларга кызыктуу болуп, биз да бөлөктөрдү түшүнө билүүбүз заман талабы. Индивидуалдык маданиятта адам көбүнчө өзүн-өзү таанууга аракет кылат. Анткени мында адамдын жеке жашоосу, бакыты, жетишкендиги, ою, сезими баалуу деп каралып, биринчи орунга чыккан.

— Бизде кичинекей баланы же аялын уруп-соккону видеого түшүп калган фактылар көп. Баланы уруп тарбиялоо туура эмес экендигин кантип элге жеткирүүгө болот?

— Алгач баланы анча-мынча жазалап койгон ата-энени түшүнүүгө аракет жасап көрсөк. Негизи мындай нерсе адам стрессте жүргөн убакта болот. Мисалы, үч-төрт баланын апасы жумуштан чарчап келип, үйдөгү балдардын ызы-чуусуна чыдабай алардан жинин чыгарып же катуу сүйлөп алышы мүмкүн. Бул, албетте, аны кечирип же бирөөнү урса болот деген сөз эмес.

Ошондой эле кичинесинде таяк жеп чоңойгондор сөзсүз баласына кол көтөрөт. Алар токмоктоп тарбиялоонун кесепети кандай болорун түшүнбөйт. Көбү "мени ушинтип эле тарбиялашкан. Эч нерсе болбойт. Жакшы эле адам болуп турбаймынбы" деген ойдо болот.

Ошентсе да акыркы кезде биздин коомдо да жакшы өзгөрүүлөр байкалат. Бирок ал глобалдуу болушу абзел. Буга психологдордун гана эмес, дарыгерлердин, мугалимдердин, драматургдардын, актёр жана журналисттердин да салымы зор. Негизи уруп, урушуп чоңойтуу прогрессивдүү коомдогу көрүнүш эмес. Анткени бул коом илим-билимге таянып иш алып барат. Дүйнөлүк антрополог, психолог, социологдордун ондогон жылдар бою жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгында, оор кылмышка барган мыкаачы, ачуусу чукул, өзүнө ишенбеген жана психикалык ар кандай ооруга кабылган адамдардын профилинен бала чагында шылдыңга көп кабылганы, басынтуу же ур-токмок менен чоңойгону далилденген. Мындайлар мыкаачы же болбосо жалтак болуп калыптанышат. Айрымдардын кул мүнөз болуп калганы да ошондон.

Таяк жеп, психологиялык кысымды көп көргөн баланын ой жүгүртүүсү өзгөрүп баштайт. Маселе чечүүдө да өзүнө ишенбей жалтактык кылат. Анын башкы максаты маселени чечүү эмес, "муну чече албай калсам таяк жеп же жаман көрүнүп калам го" деп кооптонот. Мындан улам башкаларга оюн айта албаган адам калыптанат. Булар жашоодо өздөрүнө жаман мамиле кылган "кожоюнду" таап алат да, ошолорго курмандык болуп жүрө берет.

Психолог Зейнегул Кудайбергенова, работающая в Лионе, Франция
© Фото / из личного архива Зейнегул Кудайбергеновой
Психолог Зейнегүл Кудайбергенова: Кичинекей наристе көп учурда ата-энесинин жашоо образын туурайт же аны модель катары кабыл алат.

Азыр позитивдүү психология келе жатат. Психологиянын өзгөргөнүнө жараша дүйнөлүк тенденцияда балдарды мактоо жана колдоо менен гана өстүрүү абзел. ЮНЕСКОнун балдарды коргоо программасында да позитивдүү психологияга басым жасалган. Эгер баланы мактап, ага ишеним артып, акылдашып, кеңешип иш алып барсаң, тарбиясы да жакшы болот.

Кичинекей кыз атасынын апасын уруп, шылдыңдап, кемсинтип жатканын көрүп чоңойсо, так ошондой күйөөгө тиет. Анткени көргөнүнө, өскөнүнө жараша ушундай эркекке аң-сезими тартылат. Ошондой эле ата-энеси кызын уруп, кемсинтип, урушуп чоңойтсо ал кийин мыкаачы күйөөгө жолугат. Бул психологиядагы мыйзам ченемдүүлүк. Кичинекей наристе көп учурда ата-энесинин жашоо образын туурайт же аны модель катары кабыл алат.

— Социалдык тармактын кыргыз сегментинде кайсы бир көрүнүшкө агрессивдүү пикир калтырып, терс реакция жасаган учурлар көп кездешет. Же бул тенденция дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө байкалабы?

— Биз экономикалык жактан кыйналган, өнүгүүсү артта калган мамлекетпиз. Канча киши мигрант болуп иштеп же окуганы чет өлкөгө кетти. Жумушсуздук, айлык аз жашоодон чарчап, кыялданууну унутуп, келечекке үмүт артпай калган адамдар буга күнөөлүүлөрдү издейт. Алар ачуусун чыгарып алууга соцтармакта жакшы шарт түзүлгөндөй сезишет. Экран артында жоопкерчилик жок болгондуктан терс эмоцияларды тартынбай чыгарышат.

Бул коомубузда өз оюн сый менен жеткирүү, эмоцияны башкаруу маданияты жана ачуусун башкалардан чыгарбоо өңдүү эмоционалдык интеллект кеңири калыптана электигинен кабар берет.

0
Белгилер:
психолог, Франция, бала, үй-бүлө, Зейнегүл Кудайбергенова
Тема боюнча
Невролог Карбозова: Паркинсон оорусуна эркектер көп чалдыгат