ИИМ: Россияда 64 кыргызстандык жоголуп, 5 кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНесанкционированная акция в поддержку А. Навального в Москве
Несанкционированная акция в поддержку А. Навального в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
ИИМден билдиргендей, Россияда жоголуп кеткен жарандарды издөөгө алардын туугандарынын кеч кайрылышы кыйынчылык жаратат.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө быйылкы жылдын тогуз айында туугандары менен байланышпай калган 64 жаран тууралуу маалымат түшкөн. Алардын ичинен бешөөнүн сөөгү Россиянын аймагындагы өлүкканаларда табылганын ИИМден кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВД КРРоссияда жоголуп кеткен кыргызстандыктар
Россияда жоголуп кеткен кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
1/7
Россияда жоголуп кеткен кыргызстандыктар

2/7

3/7

4/7

5/7

6/7

7/7

"Өкүлчүлүк Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте жыл башынан бери дайынын билдирбей жүргөн 57 кыргызстандыкты тапкан. Алардын 47си быйыл изделип жаткан, калганы былтыр изделип, бирок табыла элек жарандар болуп чыкты. Беш кишинин сөөгү өлүкканадан табылды. Дагы бир киши оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болсо, 8 адам абакта жатканы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми былтыртан бери издөөгө алынгандардын бешөө каза таап, бири түрмөдө экени белгилүү болгон.
ИИМден билдиргендей, Россияда жоголуп кеткен жарандарды издөөгө алардын туугандарынын кеч кайрылышы кыйынчылык жаратат.
Мигранттар Москвада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
ИИМ Россияда спорт менен машыккан мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү
"Жарандар жакындары менен байланышты ар кандай себептерден улам үзүп коёт. Алардын бири — Кыргызстанда калган туугандарынын акча сурай бергенинен качуусу", — деп айтылат билдирүүдө.
Өкүлчүлүк Россияда туугандарына кабарын билдирбей жүргөндөр тууралуу маалыматы барларга кайрылып, +7 926 890-87-00 WhatsApp номерине кабарлап коюусун өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0