Кол кишен. Архив

Экспортко жасалма тоскоолдук жараткан деп министрликтин кызматкерлери кармалды

147
(жаңыланган 17:26 11.10.2021)
Тоскоолдуктардан улам ишкерлер продукциясын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн аларга ири суммада акча берүүгө мажбур болушкан.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин айрым кызматкерлери жана логистикалык компаниянын өкүлдөрү коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кызмат адамдары жана логистикалык компаниялар ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого жасалма тоскоолдуктарды жаратып келген. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында ишкерлер продукциясын үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн аларга ири суммада акча берүүгө мажбур болушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында бул коррупциялык схеманы уюштургандар кармалып, сот тарабынан тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасы тандалган. Шектүү катары кимдер колго түшкөнү туурасында маалымат берилген жок.

147
Белгилер:
экспорт, тоскоол, коррупция, кармоо, УКМК
Тема боюнча
Ташиев айткан мафия: УКМК бир фармкомпаниянын жетекчисин кармады. Сүрөт
 Чоң Чүй каналы. Архивдик сүрөт

Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт

103
(жаңыланган 13:51 17.10.2021)
Бишкек шаарындагы Кантемиров көчөсүнүн аймагындагы каналдан табылган өлүк изделип жаткан адамдыкы эместиги аныкталды.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. ӨКМдин куткаруучулары мындан жети күн мурда сууга түшүп кеткен адамды издеп жатып, Чоң Чүй каналынан башка адамдын сөөгүн таап чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Издөө иштери учурунда суудан болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын сөөгү Кантемиров көчөсүндөгү ЧЧКдан табылган. Табылган сөөк изделип жаткан, 35 жаштагы С.Т. аттуу жарандыкы эмес экендиги аныкталды", — деп айтылган маалыматта.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алар С.Тны издөө иштерин бүгүн да улантканы айтылды.

103
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Чоң Чүй каналы, сөөк, суу, куткаруучу
Тема боюнча
Ошто апасы менен сууга аккан кыздар. 1,7 жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды
ИИМ: Россияда 64 кыргызстандык жоголуп, 5 кишинин сөөгү табылды
Сотрудники МЧС тужат пожар в на нефтебазе в городе Балыкчи.

Балыкчыдагы нефть базада өрт чыкты. Сүрөт

51
(жаңыланган 13:33 17.10.2021)
Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчү эки бригада күрөшүп, аны толугу менен кечки саат тогуз жарымда токтотушкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы нефть базасында насостон 16-октябрда өрт чыккан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Сотрудники МЧС тужат пожар в на нефтебазе в городе Балыкчи.
    Балыкчы шаарындагы нефть базасында насостон 16-октябрда өрт чыккан.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Сотрудники МЧС тужат пожар в на нефтебазе в городе Балыкчи.
    Тилсиз жоо менен күрөшүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан өрт өчүрүүчү эки бөлүм барып, саат 21:00дө анын сыртка жайылуу кооптуулугун чектеп, ал эми жарым сааттан кийин толугу менен өчүргөн.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Сотрудники МЧС тужат пожар в на нефтебазе в городе Балыкчи.
    ӨКМден өрттөн жабыр тарткандар болбогондугун билдирген.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Сотрудники МЧС тужат пожар в на нефтебазе в городе Балыкчи.
    Балыкчыдагы нефть базада чыккан өрт
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 4
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Балыкчы шаарындагы нефть базасында насостон 16-октябрда өрт чыккан.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБден өрт өчүрүүчү эки бөлүм барып, саат 21:00дө анын сыртка жайылуу кооптуулугун чектеп, ал эми жарым сааттан кийин толугу менен өчүргөн.

ӨКМден өрттөн жабыр тарткандар болбогондугун билдирген.

51
Белгилер:
Кыргызстан, Балыкчы, ӨКМ, өрт
Тема боюнча
Сузакта айыл өкмөттүн имараты өрттөндү. Жүрөк үшүн алган сүрөт, видео
Жогорку Кеңештин депутаты Алайбек Анаркулов

Жогорку Кеңештин 41 жаштагы кызматкери депутаттык мандат алды

0
(жаңыланган 17:11 17.10.2021)
41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

БИШКЕК, 17 окт — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев мандатып тапшырып, ордуна 41 жаштагы Алайбек Анаркулов келди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Чечимди бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алган. Тулендыбаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн арыз берген. Ал "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болчу.

41 жаштагы Алайбек Алымбаев "Биздин Кыргызстан" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан. Анда Жогорку Кеңеште эксперт болуп иштей турганын көрсөткөн.

0
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, депутат
Тема боюнча
Ноокаттын мэри менен депутаты 15 млн. сом кымырган деп кармалды. Сүрөт
ЖКга депутат болом деген ниетин 387 киши билдирди