Жалал-Абаддагы тойдо 124 киши этке ууланып, 16сы ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт көтөрүп бараткан официант. Архив
Эт көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, Бек-Абад айылында 10-октябрда сүннөт той өтүп, жылкы союлган. Тургундар дарыгерлерге 11-октябрдан тарта кайрыла баштаган.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Сузак районундагы Бек-Абад айылында жылкынын этине ууланган 124 жашоочу жергиликтүү ооруканага кайрылды. Бул маалыматты Жалал-Абаддагы Райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов тастыктады.
Анын айтымында, Бек-Абад айылында 10-октябрда сүннөт той өтүп, жылкы союлган. Тургундар дарыгерлерге 11-октябрдан тарта кайрыла баштаган.
"Тойдо тартылган жылкынын этин үйүнөн жегендер да кайрылып жатышат. Жабыркаган 124 адамдын 16сы ооруканага жаткырылды. Калгандары амбулатордук жардам алышкан. Баары азыр көзөмөлдө. Ооруканага жаткырылгандардын төртөө өспүрүм. Бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат", — деди Ураимов.
Канга анализ жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Санэпидкөзөмөл: Сузакта төрт адам күйдүргү илдетине кабылганы аныкталды
Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы Бек-Абад айылынын 1964-жылы туулган тургуну И.Р. 9-октябрь күнү үйүндө жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөнүн билдирди.
Тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган. Бул окуя Сузак РИИБде массалык уулануу деп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0