Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМосты города Бишкек
Мосты города Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Бишкек шаарындагы Кантемиров көчөсүнүн аймагындагы каналдан табылган өлүк изделип жаткан адамдыкы эместиги аныкталды.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. ӨКМдин куткаруучулары мындан жети күн мурда сууга түшүп кеткен адамды издеп жатып, Чоң Чүй каналынан башка адамдын сөөгүн таап чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Издөө иштери учурунда суудан болжол менен 30-35 жаштагы эркек адамдын сөөгү Кантемиров көчөсүндөгү ЧЧКдан табылган. Табылган сөөк изделип жаткан, 35 жаштагы С.Т. аттуу жарандыкы эмес экендиги аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Алар С.Тны издөө иштерин бүгүн да улантканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0