Бишкек: түндө мас айдоочу койдуруп кеткен эки жолчу тең көз жумган. Соңку маалымат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖолчу оңдоо иштери учурунда. Архив
Жолчу оңдоо иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Жол кырсык кечээ болжол менен саат 1:55терде Горький менен Айдаралиев көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, анда айдоочу  бир кишини койдуруп кеткени эртең менен кабарланган. Милиция бир аз мурда анын бир эмес, эки жолчуну койдуруп кеткенин билдирди.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Такталган маалыматтарга ылайык, мас болуп алган айдоочу эки кишини өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады
Айдоочу Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, автоунаасы айып короого киргизилген. Экспертиза дайындалган.
Кайгуул милициясы көчөдө ичип алып автоунаа башкарган айдоочуну көргөндөрдү 102 кызматына же (0509) 102-122 WhatsApp номерине чалып кабарлоосун өтүндү. 
Жаңылыктар түрмөгү
0