Ошто кара чайыр цехинде өрт чыгып, үч өзбекстандык жаран жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Жапа чеккендер Тез жардам кызматы менен ооруканага жөнөтүлгөнү айтылып, өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан кара чайыр цехинин аймагында өрт чыгып, үч өзбек жараны жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, цехте 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн.
"Өрттөн үч адам жабыркаган. Анын ичинен 48 жаштагы Ж.М. аттуу кишинин денесинин 12 пайызы, 30 жаштагы Р.Н. аттуу адамдын терисинин 10 пайызы, 45 жаштагы С.А. аттуу адамдын денесинин жети пайызы күйгөн. Бардыгы Тез жардам кызматы менен ооруканага жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0