Ооруканадагы аял. Архив

Ноокатта жол кырсыгына кабылган мугалимдердин бири бүгүн ооруканада көз жумду

266
(жаңыланган 16:19 19.10.2021)
Маркум аял 51 жашта болгон. Ал Төөлөс айыл аймагындагы Додон орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили мугалими болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Он күн мурда Ош — Исфана жолунда кырсыкка кабылган унаадагы беш мугалимдин бири ооруканада каза болду. Маалыматты Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.

Ага ылайык, каргашадан соң ал Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Тилекке каршы, 19-октябрда эртең менен көз жумган.

Маркум аял 51 жашта болгон. Ал Төөлөс айыл аймагына караштуу Додон орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили мугалими болуп иштеп келген. Төрт кыз, бир уулдун энеси, эл агартуунун мыктысы экени айтылды.

"Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы Адыл Эшматовдун айтымында, каза болгон мугалимдин абалы буга чейин оор болгон. Ал бир жума мурда ооруканадагы мугалимдерден кабар алган. Анда ооруканага түшкөн дагы эки мугалим жандандыруу бөлүмүнөн чыгып, өз алдынча басып калды, абалы жакшырган болчу", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 8-октябрда саат 20:00 чамасында Ош облусундагы Ноокат районунун аймагындагы катталган жол кырсыгында 8 адам жабыркаган. Облустук милициянын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Төөлөс айыл аймагындагы Додон айылында Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу май куюучу жайга бурулуп жатып Honda Strim менен кагышкан. Кырсыктан биринчи унаанын айдоочусу жана беш жүргүнчүсү, экинчи унаанын айдоочусу жаракат алып, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасына жеткирилген.

Ушу тапта үчөө аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүндө, бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

266
Белгилер:
жол кырсык, кесепет, оорукана, өлүм, Ноокат
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (195)
Тема боюнча
Бакты сүзгөн. Кеминдеги кырсыкта эки адам көз жумуп, үчөө жабыркады
12 жаштагы бала бар... Таласта 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын чоо-жайы
Кишенделген жаран. Архив

45 миң доллар пара алган. Капиталдык курулуш башкармалыгындагы аткаминер кармалды

160
(жаңыланган 18:00 07.12.2021)
Колго түшүрүлгөн аткаминер буга чейин Транспорт министрлигинде иштеген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары У.У.К. пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

  • Задержанный замначальника Управления капитального строительства мэрии У. У. К., по подозрению в получении взятки в размере 45 тысяч долларов в период исполнения обязанностей замглавы Минтранса. 07 декабря 2021 года
    Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары У.У.К. пара алуу фактысы боюнча кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Задержанный замначальника Управления капитального строительства мэрии У. У. К., по подозрению в получении взятки в размере 45 тысяч долларов в период исполнения обязанностей замглавы Минтранса. 07 декабря 2021 года
    Билдирмеге караганда, У.К.К. транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткарып турган учурда опузалоо жолу менен 45 миң доллар каражат алган.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары У.У.К. пара алуу фактысы боюнча кармалды

Билдирмеге караганда, У.К.К. транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткарып турган учурда опузалоо жолу менен 45 миң доллар каражат алган. Бул факт аныкталып, шектүү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ага Жазык-процесстик кодексинин 94-беренеси боюнча иш козголгон. Аткаминер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.

У.У.К. буга чейин транспорт министринин орун басары болуп иштеп, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциясына байланышкан ызы-чууга тиешеси бар экени айтылып кызматтан алынган.

 

160
Белгилер:
Капиталдык курулуш башкармалыгы, аткаминер, Транспорт жана жолдор министрлиги, пара, УКМК
Тема боюнча
Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты
Тышта иштеп жүргөн мигранттардын балдарына Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) идеологиясын окуткандар кармалды

УКМК мигранттардын балдарын окуткан экстремисттик топту кармады. Видео

214
(жаңыланган 16:18 07.12.2021)
Жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин жакын туугандарына өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Тышта иштеп жүргөн мигранттардын балдарына "Хизб-ут-Тахрир"* диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) идеологиясын окуткандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, аталган уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 24 жаштагы М.А. жана 27 жаштагы Т.Б. аттуу жарандардын үйүнөн жана жашаган жеринен көп сандагы диний адабияттар, конспектилер, электрондук китептер, уюлдук телефон, теократиялык мамлекеттин ("Халифат") Конституциясынын долбоору жазылган брошюра, ноутбук, флешка жана күндөлүк табылган.

"Шектүүлөр жашы жете элек балдарга мыйзамсыз негизде диний билим берүү уюштурганы аныкталды. Иликтөө маалында батирде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 10 жаштан 17 жашка чейинки жети бала болгон. Алардын көбү эмгек мигранттарынын балдары экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми жашы жете элек балдар ыйгарым укуктуу камкордук жана көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүү иш-чараларынан кийин жакын туугандарына өткөрүп берилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери уланууда.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

214
Белгилер:
УКМК, Хизб ут-Тахрир, экстремисттик уюм, мигранттар, бала, окутуу, кылмыш
Тема боюнча
"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Кызыл-Кыядагы лидерлери кармалды
Спецназ өспүрүмдөрдү үгүт ишине тарткан экстремисттик топту колго түшүрдү. Видео
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме