Афганистанда полиция имаратынын жанында жардыруу болду

© REUTERS / STRINGERТалибана согушкерлери. Архив
Талибана согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Октябрь айынын ичинде эле Афганистанда бир нече ирет ири жардыруу болду. Соңку ирет 15-октябрь күнү Кандагар шаарында мечит жардырылып, 63 киши каза тапкан.
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Бүгүн эртең менен Кабулдун Дехмазанг районунда полиция штабынын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу Aamaj News агенттигине шилтеме берип "Известия" жазды.
"Окуя болгон жерде жабыркагандар бар, чоо-жайы такталып жатат", — деп айтылат кабарда.
Октябрь айынын ичинде эле Афганистанда бир нече ирет ири жардыруу болду. 15-октябрь күнү Кандагар шаарында мечит жардырылып, 63 киши каза тапкан.
8-октябрда Кундуздагы Сеид-Абад мечитинде теракт болуп, 150 киши өмүрү менен кош айтышкан. Алардан тышкары 200дөн ашык киши ар кандай жаракат алган.
Ал эми 3-октябда Кабулдагы Идгах мечитинде болгон жардыруу 12 кишинин өмүрүн алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0