Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду

© AFP / HECTOR RETAMALГруша менен машыгып жаткан бала. Архив
Груша менен машыгып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Милицияга окуя тууралуу медиктер кабарлашкан. Каргаша Жети-Өгүз районуна караган Кабак айылында болгон.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өспүрүм бала боксёрдук грушаны ургулап жатып анын жибине асылып калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон.
Маалыматка ылайык, 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган грушаны ургулап ойноп жатып, кокусунан жипке асылып калган.
Милиция кызматкерлерине кырсык тууралуу медиктер кабарлашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эмес.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0