Денесинин бир бөлүгү ажатканадан табылган. Баткендеги үрөй учурган окуянын чоо-жайы

© AP Photo / Emilio MorenattiЖаназа кызматкери иш учурунда. Архив
Жаназа кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдын алдын ала маалыматтары боюнча, эркек менен жубайынын ортосунда чыр чыккан. Ал эми 33 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелгендер анын жубайынын бир туугандары.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Баткен районунун Бужум айылында киши колдуу болгон адамды өлтүрүүгө шектелгендер анын жубайынын бир туугандары. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Эске салсак, Баткенде буга чейин изделип жаткан 33 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылганы маалымдалган.
Маркумдун эжеси милицияга кайрылып, иниси 17-октябрь күнү кечки саат 22:30дар чамасында өз үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан. Кийинчерээк анын сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылып, куткаруучулар сөөктү ИИМге өткөрүп беришкен. Милиция кылмышка шектүү деген Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну менен анын инисин кармашкан.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдын алдын ала маалыматтары боюнча, эркек менен жубайынын ортосунда чыр чыккан.
"Кылмышка шектелип кармалган эки киши маркумдун жубайынын бир туугандары. Алар эжесинин жолдошун өлтүрүүгө шектелип жатат. Кармалгандар маркумдун сөөгүн бир нече бөлүккө бөлүп салышкан. Сөөктүн бөлүктөрү ар кайсы жерден, бир бөлүгү дааратканадан табылган", — деди ишенимдүү булак.
Бул боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды. Тийиштүү экспертиза да дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0