COVID: 119 киши ооруну жуктуруп, үчөө көз жумду. 23-октябрдын маалыматы

© REUTERS / Anastasia VlasovaСитуация в Украине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Украине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын саны кайрадан өсүп жатканы байкалууда. Азыркы тапта Кыргызстанда 130га чукул адам аталган илдет менен ооруп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 119 кишиден коронавирус аныкталып, 3 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдет менен алышып жаткандардын ичинен 73 адам айыгып кеткен.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 59;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу - 5;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 16;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 2.
"Соңку суткада 3 бейтап каза болуп калды, алардын коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталды. Бул учурларды алганда аталган вирустук инфекциядан көз жумгандардын саны 2650гө чыкты", — деп белгиледи штаб.
Пандемия башталгандан тарта илдет илештиргендердин жалпы саны 180 467ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген.
Азыркы тапта стационарда 663, ал эми амбулатордук шартта 640 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0