Чүйдө бакты сүзгөн унаадагы эки адам мүрт кетти. Окуя болгон жерден сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧСЧүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду
Чүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Чүй облусунун аймагындагы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулга ээ боло албай калышы себеп болгон. Унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Чүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн.
© Фото / пресс-служба МЧСMercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн
ДТП на 65 километре автодороги Бишкек — Нарын — Торугарт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн
Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек каза болуп, дагы бир киши жабыркаган. Куткаруучулар набыт болгондордун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган жаран менчик унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0