Үй убадалап акчасы менен унаасын алып кеткен шылуун 6 жылдан соң кармалды

© Фото / УВД Октябрьского районаКармалган шектүү
Кармалган шектүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Жабырлануучунун милицияга жазган арызында окуя 2015-жылы болгону айтылат. Алты жылдан бери качып жүргөн шектүүлөрдүн бири милиция тарабынан колго түшкөн.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкектин тургунунун ири суммадагы акчасын жана кымбат баадагы унаасын алып из жашырып кеткен адам кармалганын шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, алты жыл мурун алдап кеткен М.Э. жана А.Ч. аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.
Кишенчен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Милиция блогер Гүлзат Мамытбекти 110 миң доллар алган деп кармады
Жабырлануучунун айтымында, шектүүлөр андан 21 миң доллар жана 36 миң долларлык Range Rover үлгүсүндөгү унаасын алып, ордуна Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйүн беребиз деп сүйлөшкөн. Бирок убадасын аткарбай из жашырып кетишкен.
2018-жылы жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иш быйыл Октябрь райондук милициясына өткөрүп берилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 59 жаштагы М.Э. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилген. Анын шеригин кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0