Кара-Кечеде көчкү жүрдү. Көмүр казуу үзгүлтүккө учурабайбы? Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын облусундагы Кара-Кече көмүр кени. Архив
Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Кадрлардан жер кыртышы жылып келе жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору ал жерде экскаваторлор бар экенин айтат. Ал эми ишканадан жабырлануучулар болбогонун билдиришти.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенинде көчкү жүрдү. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Окуянын видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.
Кадрлардан жер кыртышы жылып келе жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору ал жерде экскаваторлор бар экенин айтат. Ал эми ишканадан жабырлануучулар болбогонун билдиришти.
"Окуя көмүр казылбаган аймакта болду. Жабыркагандар жок. Көмүр казып алуу иштерине эч кандай көлөкөсүн түшүргөн жок, көйгөй жаралбайт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда ӨКМ окуя саат 13:30да болгонун кабарлап, жер кыртышы бир экскаваторду басып калганын кабарлады. Бактыга жараша ичинде айдоочу болгон эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0