Баткенде кыргызстандык чек арачынын унаасын тажик аскерлери ташка алды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской областиКыргыз-тажик чек арасындагы чек арачы. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Окуя Лейлектеги май куюучу станциянын жанында болгон. Чек арачы жабыркаган эмес, бирок автоунаасынын терезелери талкаланган.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда кыргызстандык аскердин автоунаасына Тажикстандын чек арачылары таш ыргытып, өзүн кармап кетүүгө да аракет кылышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек кара кызматы кабарлады.
Окуя Арка — Борбордук транзиттик унаа жолунун тилкесинин маңдайындагы "Бостон" май куюучу станциясында болгон.
"УКМКнын Чек ара кызматынын аскери Honda Accord унаасы менен бурулган маалда Тажикстандын беш аскери ага таш ыргыткан. Алар кыргызстандык жоокерди кармаганга да аракет жасап, бирок аракети ишке ашкан эмес", — деп жазылган маалыматта.
Чек арачы жабыркаган жок, бирок автоунаасынын терезелери талкаланган.
Аталган факты боюнча териштирүү жүрө турганы айтылды. Кыргызстан менен Тажикстандын Лейлек жана Ганчи району боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0