Бишкек: айланма жолдо маршрутка менен Honda Odyssey кагышып, бир киши көз жумду

© пресс-служба мэрии города БишкекШесть спецкарет для столичной скорой помощи
Шесть спецкарет для столичной скорой помощи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Жол кырсыктан 15 адам жабыркаган, учурда алардын ким экендиги такталып жатканы айтылды. Жеринде кайгуул милициясы иштеп жатат.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектин чет жакасында айланма жол менен Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен жеңил автоунаа кагышып, айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Кайгылуу окуя бүгүн, 7-ноябрда, эртең менен болгон. Анда эл ташыган маршрутка менен Honda Odyssey кагышкан. Кырсык болгон жердин видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, бус капталына жыгылып калган. Ал эми жеңил автоунаанын маңдайы талкаланып кеткен. 
"Коомдук транспорт катышкан жол кырсыгынан бир  адам (айдоочу) каза таап, 15 жүргүнчү жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда. Жеринде кайгуул милиция иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Тартип сакчылар кырсыктын эмнеден келип чыкканын тактап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0