Жалал-Абадда Нарын дарыясынан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абадда Нарын дарыясынан мурда изделип жаткан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Жалал-Абадда Нарын дарыясынан мурда изделип жаткан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Кыздын сөөгү эки күн изделип, ага жетимиштей киши тартылган. Кечээ түшкө жуук аны дарыядан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда Нарын дарыясынан мурда изделип жаткан 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
8-ноябрь күнү саат 17:41де Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында Нарын дарыясына 14 жаштагы Б.Д. аттуу кыздын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Бишкектеги тигүүчү цехтен чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Бишкектеги тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыз чарчап калды
Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, 9-ноябрь күнү улантылган. Ага 15 куткаруучу, 15 милиционер, 38 жергиликтүү тургун тартылган. Жалпысынан 69 адам Нарын дарыясынын Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыгында издөө иштерин жүргүзгөн.
Саат 10:45те кыздын сөөгү Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу өткөн Нарын дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0