Жыргалаңдагы шахта. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдө кароосуз калган шахта урап, бир адам каза тапты

1014
(жаңыланган 23:23 13.11.2021)
Окуя болгон жерге 13 куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн уранды алдынан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап, бир адам набыт болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык болгон жерге саат 19:50дө куткаруучулар тартылып, маркумдун сөөгүн Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Уранды алдында калган киши 58 жаштагы К.В. экени маалым болду.

1014
Белгилер:
Ысык-Көл району, Ысык-Көл, шахта, урандылар, кырсык
Тема боюнча
Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты
Милиция кызматкери. Архив

Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды

101
(жаңыланган 10:12 28.11.2021)
27-ноябрда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сузак районунда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованын cөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 27-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.

Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, сөөктү карап чыккан соң ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.

Аталган факт Сузак милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Эске салсак, наристе 18-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында окууга кеткен бойдон кайткан эмес. Ошондон тарта аны укук коргоо органдары издеп жаткан.

101
Белгилер:
Сузак району, окуучулар, издөө, милиция, сөөк, кыз
Тема боюнча
Дайынсыз болуп жаткан бишкектик 13 жаштагы кыз табылды
Кармалган киши. Архив

Депутаттыкка талапкер айымдын күйөөсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

85
(жаңыланган 21:44 27.11.2021)
УКМКнын маалыматына караганда, шектүү Ысык-Ата районунун жашоочуларынын добушун сатып алууга аракет жасаган. Ал 30 миң сом берип жатканда кармалган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Д.Э.Б. аттуу депутаттыкка талапкер аялдын күйөөсүн добуш сатып алуу фактысы боюнча колго түшүрдү.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө талапкердин Т.Ы.О. аттуу жолдошу Ысык-Ата районундагы шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн 40 миң сом бергени аныкталган.

"Т.Ы.О. 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Жеке буюмдарын кароо учурунда саясий партиянын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган", — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү ("Добуш сатып алуу") боюнча иш козголду.

85
Белгилер:
УКМК, шайлоо, парламент, добуш, сатып алуу, кылмыш
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
УКМК: Бишкекте добуш сатып алууга акча бөлүштүрүп жаткан адам кармалды. Видео
Бишкек: добуш сатып алууга шектелгендер кармалды. Видео
Киши сом купюралары менен. Иллюстративдик сүрөт

ИИМ айрым талапкерлер бир добуштун "баасын" канчага көтөргөнүн айтты

0
(жаңыланган 16:31 28.11.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процесси башталгандан бери добуш сатып алуу боюнча 49 факты катталган. Анын ичинен жетөө тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

"Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда", — деди Макилов.

Ошондой эле ал бүгүн добуш сатып алуу боюнча фактылар аныкталбаганын кошумчалады.

Мындан сырткары, тергөөчү "административдик ресурсту колдонуу" беренеси боюнча 39 факты катталганын белгиледи. Анын ичинен тогузу тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Мындай мыйзам бузууга баргандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Ош облусу жана шаарында болууда.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш, сатып алуу, тергөөчү
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби