Зулушев: УКМК менен мэриянын өкүлдөрү Бишкектеги жерлерди ээлеп алышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГенеральный прокурор Курманкул Зулушев
Генеральный прокурор Курманкул Зулушев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Башкы көзөмөл органынын жетекчиси кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандар аныкталып, жоопко тартылганын белгиледи.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. УКМКнын кызматкерлери Бишкек мэриянын тийиштүү өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, борбор калаадагы жер тилкелерине мыйзамсыз негизде ээлик кылып алышкан. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандар боюнча бир гана мисал. Зулушев күнөөкөрлөр жоопко тартылып, сот чечими чыкканын кошумчалады.
Ал ошондой эле жер жана курулуш иштерин аткарууга мыйзамсыз берилген уруксат боюнча дагы иштер тергелип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0