Дары сактоочу склад. Архивдик сүрөт

Башкы прокурор: министрлик 179 миллион сомго кереги жок вакциналарды алган

692
(жаңыланган 12:44 16.11.2021)
Башкы прокурордун билдиргенине караганда, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупция актуалдуу көйгөй болууда.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы 179 миллион сомго сапатсыз жана кереги жок вакциналарды сатып алган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, ошол убакта министрликтин жооптуу адамдары жеке компаниядан 135 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцинанын 550 миң дозасын алган.

"Алар техникалык талаптарга жооп бербейт экен. Ошондой эле кереги жок болсо дагы пневмококко каршы 44 миллион сомго 20 миң доза вакцина алынган. Бул боюнча тергөө жүрүүдө", — деди Зулушев.

Башкы прокурордун билдиргенине караганда, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупция актуалдуу көйгөй болууда. Ал кеп туура эмес пландаштыруу, өз ара сүйлөшүп алуу, чыгымдар жана бюджеттин каражатын ыйгарып алуу тууралуу болуп жатканын белгилеген.

692
Белгилер:
Курманкул Зулушев, Башкы прокуратура, саламаттык сактоо, КР Саламаттык сактоо министрлиги, зыян
Тема боюнча
Жапаров: коррупциялык иштерди Башкы прокуратуранын атайын башкармалыгы тергейт
Прокуратура депутаттарды суракка сүйрөгөн каттын жасалмалуулугун текшерүүдө
Европада соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо: Башкы прокуратуранын аракети
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив

УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады

50
(жаңыланган 13:14 02.12.2021)
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын "Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алган факты боюнча беш кызматкер шектелип, кармалган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. УКМК коррупцияга аралашкан деген шек менен Мамлекеттик салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерин акча менен кармады. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлады.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогорудагы кармоо иштерин жүргүзгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын "Ак-Тилек" салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алган факты боюнча беш кызматкер шектелип, кармалган. Алардын бир катарларынан алдын ала белги коюлган акча табылган.

Маалымат кызматы төмөнкүлөрдү тизмектеп, кабарлады:

  1. Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө жаатында Мамлекеттик салык кызматындагы башкармалыкты талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору М.Э.Х., тинте келгенде жанынан маркаланган 4 миң сом табылган;
  2. Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБ алкагындагы салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Д.А.А., тинте келгенде жанынан маркаланган 6 миң сом чыккан;
  3. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору А.Н.Т., аны тинткен учурда 5 миң сом чыкса, миң сому маркаланган акча болгон;
  4. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Ак-Тилек" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.А.

"ЕАЭБдин алкагында Чүй облусу боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Т.К.Н. да тинтилип, автоунаасынан "Ак-Тилек" пунктунун айрым кызмат адамдары тарабынан документтери жок наркы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сый акы катары системалуу түрдө алынган 114 300 сом табылды", — деп кабарлады УКМКдан.

Жогоруда аталган адамдардын катышуусунда комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы, анын жыйынтыгы боюнча булардын аракеттерине юридикалык баа берилип, Жазык-процесстик кодекстин нормаларына ылайык чечим чыгарылары айтылды.

50
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, коррупция, кармоо
Тема боюнча
Салык кызматы ишкерлердин банктык эсебин көрө алат. Жаңы кодекстеги норма
Октябрь райондук милициясынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты

Пил күркүрөп келип туристтер отурган автоунааны талкалап салды. Видео

102
Түштүк Африкадагы жаратылыш парктардын биринде жаалданган пил туристтерге кол салып, алар качып кутулган.

Стажёрлор менен алардын насаатчылары Түштүк Африкадагы Селати жаратылыш паркында аз жерден өмүрү менен кош айтышып кала жаздагандыгын USA Today жазган.

Видеодон пил күркүрөп, чапчып, кишилер отурган жолтандабасты аз жерден ала салдырып сала жаздаганын көрүүгө болот.

Башка автоунаадагылар тартып алган видеого автоунааны жөөлөп, андан соң тумшугу, башы менен бир аз көтөрүп келип кайырганда ичиндегилердин ичинен бирөө ыргып кеткени түшүп калган. Анын каарына калгандар эле эмес сырттан карап тургандарды күркүрөп, чаңыра үн салып жатканы чочутпай койбойт.

Башка видеодо инструктордун "качкыла" деген кооптонгон үнү чыгып, ичиндегилер коопсуз жайды көздөй качып чыккан. Бир нече убакыттан соң алп жаныбар талкалап жаткан автоунааны таштап, дарактарды көздөй кетип бара жатканына күбө болобуз.

Окуянын видеосу социалдык тармакка тез эле тарап кеткен.

Бул кырсыкка тиешеси бар EcoTraining компаниясы мындай абалдын эмне себептен келип чыккандыгын түшүндүрүп берген.

"Стажёрлор менен алардын насаатчылары күндөгүдөй эле паркты кыдырып жүрүп, пилдин балдары топ болуп турган жерге келишкен. Алар жаныбарларга байкоо салыш үчүн автоунааны токтотуп туруп калган. Муну пилдин чоңдору кооптуулук катары кабыл алып, капталдан чуркап чыга калып, кишилерге кол салган. Талкалаган автоунаадан чыккан адамдар башка жол тандабаска отурган", — деп түшүндүргөн компания өкүлү.

Буга чейин Замбияда жаалданган пилдин крокодилди тебелеп өлтүргөн учуру жарыяланган.

102
Белгилер:
Түштүк Африка, пил, кол салуу, турист
Тема боюнча
Пил аялды тепселеп коё жаздап... Чочутуп, андан соң жылмайткан видео
Депутатттар Жогорку Кенеш. Архивдик сүрөт

500 сомго эле азайдыбы? Жапаровдун жарлыгына чейин депутаттар канча маяна алчу

202
(жаңыланган 18:40 02.12.2021)
Бир жыл мурунку маалымат менен салыштырганда, депутаттардын гана айлыгы 500 сомго азайып, төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз калган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бүгүн президенттин маалымат кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы азайтылганы тууралуу маалымат таратты. Чыгымдарды кыскартуу тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. 

Ага ылайык, мындан ары төрага 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом алары (оклад) көрсөтүлгөн. Бирок билдирүүдө эл өкүлдөрүнүн эмгек акысы канча пайызга кыскартылганы жазылган эмес.

Белгилей кетсек, былтыр пандемия күчөп жаткан маалда "депутаттар каникулга чыгып кетсе да 200-300 миң сомдон эмгек акы алып жатат" деген маалымат тараган. Ошол кездеги парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жогоруда аталган кепти төгүндөп, эл өкүлдөрү чынында канча айлык аларын айткан. 

Эгер аны менен салыштыра турган болсок, депутаттардын маянасы 500 сомго гана азайган. Ал эми төрага менен вице-спикерлердики өзгөрүүсүз эле калган. Мында фракция лидерлери менен комитеттин төрагалары канча алары айтылган эмес. 

Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат
© Фото / Даниил Сулайманов
Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат

Бул жерде кеп негизги айлыгы, башкача айтканда, оклады жөнүндө гана сөз болууда. Эмгек кодексине ылайык, иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт. Бир айлык маянасынын суммасына барабар эмгек өргүү акысы төлөнөт. Мындан сырткары, транспорттук чыгымдарга, концелярдык буюмдарга деп ай сайын ар бир депутатка 40 миң сомдон берилет.

Ошондой эле Жапаров бүгүнкү жарлыгы менен кызматтык автоунааларды дагы алып салганы жазылган.

"Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул жарлык менен компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт", — деп билдирди маалымат кызматы.

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын ноябрында кызматтык унаадан баш тарткан. Төрага жана анын эки орун басары, майыптыгы бар эл өкүлү гана автоунаа менен камсыздалат. Калганы жеке унаасы менен иштөөгө макул болгон.

Ал эми кызматтык турак жайлар Бишкекте жашай турган жери жок парламентарийлердин баарына берилип келет.

202
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, маяна, азайтуу, салыштыруу
Тема боюнча
Президенттин иш башкармалыгы эми Жогорку Кеңешти да тейлемей болду
Бирөөнүн ордуна добуш бере албайсыңар. ЖКнын вице-спикери шайланбай калды