Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды

Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды. Сүрөт, видео

979
(жаңыланган 13:56 17.11.2021)
Тартип сактоо кызматкерлери талапкердин ишенимдүү кишисин жана анын автоунаасын тинткенде шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме, ири суммадагы акча тапканы айтылды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

"Талапкердин ишенимдүү адамы болгон С.М.О. Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
  • Деньги изъятые при задержании доверенного лица кандидата в депутаты Жогорку Кенеша
    Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Деньги изъятые при задержании доверенного лица кандидата в депутаты Жогорку Кенеша
    Аны тартип коргоо органдарынын кызматкерлери 16-ноябрда кармаган.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды

Аны тартип коргоо органдарынын кызматкерлери 16-ноябрда кармаган.

"Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, соттун санкциясы менен акча бөлүштүрүп жатканда кармалып, добуштарды сатып алуу боюнча фактылар табылган. Ошол эле учурда С.М.О. жана анын автоунаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме менен ири суммадагы акча чыккан", — деп билдирди УКМКдан.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКдан жогорудагы фактыларды аныктоо, документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башкаларды аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, мындай учурда эки тарап тең жоопко тартыларын эскерткен.

 

979
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, УКМК, шаар, талапкер, добуш, сатып алуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (282)
Тема боюнча
Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун кызматтан алуу чечимине кол койду
Ташиев: шайлоого аз калганда добуш сатып алгысы келгендер боюнча маалымат бар
Көбү добуш сатып алып, админресурс колдонгон. ИИМ бузулган эрежелерди тизмектеди
Стамбул шаарында бороон-чапкын болгон убакта бараткан адамдар

Түркияда катуу бороон-чапкындан улам алты киши мерт болду. Видео

175
(жаңыланган 16:53 30.11.2021)
Шамалдын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен. Анын айынан чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында жана бир катар аймактарында бороон-чапкындын кесепетинен каза болгондордун саны алтыга жетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Стамбулда ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткен катуу бороон болгону кабарланган. Катуу шамалдан улам чатырлар урап, алдында калган 38 киши түрдүү жаракаттарды алган. Дагы төрт киши каза болгону айтылган. 

Ал эми Кожаэли провинциясынын администрациясынын маалыматы боюнча, урандылардын астында калган бир адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Зонгулдак облусунда дагы бир адам мерт болгону айтылды.

175
Белгилер:
Түркия, Стамбул, бороон, шамал, адам, өлүм, кырсык
Тема боюнча
Журналист өмүрүн тобокелге салып репортаж жасаган видео
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Өзгөндө Daewoo Tico унаасы сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Сүрөт

102
(жаңыланган 11:00 30.11.2021)
Жаракат алган эки киши Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгондордун сөөгүн туугандары алып кеткен.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

В Узгенском районе машина упала в овраг, погибли два человека
© Фото / пресс-служба МЧС
Ош облусунун Өзгөн районундагы Чечебай айылында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болду

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 29-ноябрда, болгон. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, эки адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда аты-жөнү такталууда.

Жаракат алган адамдар Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон кишилердин сөөгүн туугандары алып кеткен.

Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, унааны сайдан чыгарышкан.

102
Белгилер:
жол кырсык, Өзгөн, өлүм, жаракат
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө жүрөк үшүн алган кырсыктан 4 адам мүрт кетти. Сүрөт
Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт
Кыз. Иллюстративдик сүрөт

Дене себепсиз көгөрүп... Рактын чочулаткан белгиси айтылды

0
Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбей өрчүйт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Денеде көгөргөн тактын пайда болушу ак кандан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып билдирди.

"Алгач алар кызыл так болуп көрүнөт. Андан соң түсүн өзгөртүп, карарат дагы ошол жер оорутуп баштайт. Аларды кара түстөгү териде байкоо оңой эмес", — деген медиктер.

Аталган онкологиялык оорунун башка белгилери: себепсиз арыктап, дененин ар кайсы жеринде шишик пайда болот, энтигүү, түнкүсүн тердөө, бүдүр чыгуу, сөөк, муундар ооруп, эс алган, уктаган учурда деле адам чарчап, өңү кубарып кетет.

Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбейт. Адистер азыр медицина өнүгүп, заманбап диагностика бар экенин айтып, дартты өз убагында аныктаса айыктырууга болорун белгилешкен.

0
Белгилер:
рак, ак кан, белги, дарыгер, оору, так
Тема боюнча
Мээни 11 жылга карытат. Ден соолукка зыян делген суусундук аталды
Инсультка кептейт. D витамини жетишпеген организм эмнеден жабыркайт