Адамдар өлүп, автоунаа өрттөнүп... Бишкектин четиндеги жол кырсыгы. Видео

© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиБишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 30-чакырымында катталган жол кырсыгы
Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 30-чакырымында катталган жол кырсыгы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Каргаша бүгүн болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Анда Toyota Ipsum менен "Түндүк электр" ишканасынын унаасы кагышканы айтылды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 30-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир автоунаа өрттөнүп, адамдар каза болгонун Sputnik кабарчысына Чүй облустук милициясы билдирди.
"Өлгөндөр да, жабыркагандар да бар. Окуянын чоо-жайы жана автоунаалардын ичиндеги адамдар тууралуу маалымат такталып жатат", — дешти милициядан.
Каргаша бүгүн болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Анда Toyota Ipsum менен "Түндүк электр" ишканасынын УАЗ үлгүсүндөгү унаасы кагышканы айтылды.
Ал эми ӨКМдин маалыматы боюнча, кырсыктан үч киши набыт болуп, алты адам жабыркаган. УАЗ аласалып, күйүп кеткен. Өрт саат 17.55те толук өчүрүлгөнү маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0