Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

5000 доллар талап кылган. Бишкекте райондук прокурордун орун басары кармалган видео

2242
(жаңыланган 11:24 18.11.2021)
Райондук прокурордун орун басары укук коргоо кызматкерлерин опузалап коркутуп, алардан 5000 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал укук коргоо кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 5000 доллар пара талап кылганы айтылууда.

"17-ноябрь күнү УКМК менен Башкы прокуратура тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э. кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан талап кылган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылды", — деп жазылат маалыматта.

Шектүү Жазык кодексинин 98-беренесине ("Конфискациялоодо (алып коюуда) келтирилген зыяндын ордун толтуруу") ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

  • В Бишкеке задержали заместителя прокурора Октябрьского района столицы А. А. Э
    Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • В Бишкеке задержали заместителя прокурора Октябрьского района столицы А. А. Э
    Ал укук коргоо кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 5000 доллар пара талап кылганы айтылууда
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • В Бишкеке задержали заместителя прокурора Октябрьского района столицы А. А. Э
    Кармоо учурунда анын жанынан талап кылган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • В Бишкеке задержали заместителя прокурора Октябрьского района столицы А. А. Э
    Шектүү Жазык кодексинин 98-беренесине ("Конфискациялоодо (алып коюуда) келтирилген зыяндын ордун толтуруу") ылайык УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
2242
Белгилер:
кармоо, пара, опузалап акча талап кылуу, прокурор, Октябрь району
Тема боюнча
Аламүдүн райондук милициянын тергөөчүлөрү пара менен кармалды. Сүрөт
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынан табылган буюмдар

УКМК: эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

111
(жаңыланган 21:21 29.11.2021)
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар табылды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Задержанный по подозрению в вербовке МТО в Бишкеке
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, жети даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудиофайлдар табылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

111
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, террордук уюм
Кылмыш иш документи. Архив

Cузакта 9 жаштагы Сумая боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү

306
Иш алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Cузакта суу жээгинен сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанова боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, 27-ноябрда саат 17:00дөр чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган. Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып сөөктү карап чыккан соң, ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.

"Алгач иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган. Бирок Сумаянын сөөгү табылгандан кийин "киши өлтүрүү" боюнча квалификацияланды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыштын бетин ачуу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Уткирбек Сулайманов кайрылып, ошол эле күнү саат 12:40тар чамасында тогуз жаштагы кызы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кызды издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, элдик кошуундун 250 мүчөсү жана 150 ыктыярчы тартылган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумаянын бир дагы камерага түшпөгөндүгү белгилүү болгон.

306
Белгилер:
кылмыш, милиция, Сузак району
Тема боюнча
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
Акча каражаттары. Архив

Жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37,4 млрд. сомго көбөйдү

0
Акыркы айларда Кыргызстанда депозиттик база өсүүдө. Мисалы, октябрь айында көлөмү дээрлик 6,5 миллиард сомго көбөйгөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37,4 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот.

Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акча да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.

Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180,9 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы рекорд койгон.

Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218,3 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458,3 миллион сомго көбөйгөн.

0
Белгилер:
Улуттук банк, депозит, каражат, рекорд
Тема боюнча
Кыргызстандын экономикасында 2023-жылга чейин кандай өзгөрүү болот? Божомол
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасындагы тобокел учурларды атады