Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРЭки автоунаа кагышган Жайыл районунда болгон жол кырсык
Эки автоунаа кагышган Жайыл районунда болгон жол кырсык  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
Жабыркаган аялды башка унаанын айдоочусу Талас райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми эки эркек кишини Тез жардам кызматы Жайыл райондук ооруканасына алып кеткен.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Чүйдүн Жайыл районунда эки автоунаа кагышып, бир эркек киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МЧС КРЧүйдүн Жайыл районунда эки автоунаа кагышып, бир эркек киши көз жумду
ДТП на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Чүйдүн Жайыл районунда эки автоунаа кагышып, бир эркек киши көз жумду
Билдирмеге караганда, жол кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 187-чакырымында 22-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында болгон. Анда Lexus RX350 жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн.
"Кырсыктан бир эркек киши каза болуп, бир аял жана эки эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Жаракат алган аялды башка унаанын айдоочусу Талас райондук ооруканасына жеткирген. Ал эми эки эркекти Тез жардам кызмат Жайыл райондук ооруканасына алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин беш куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0