Бишкектин чок ортосунда ГБРдин кызматкери ок чыгардыбы? Видео

© Sputnik / Константин МорозовТапанчадан ок атып жаткан адам. Архив
Тапанчадан ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде катталганы аныкталган.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда тапанчадан ок чыгарган жигит аныкталып, милиция бөлүмүнө алып келинди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКларда "ГБРдин кызматкери Бишкектин чок ортосунда эч бир негизсиз тапанчадан ок чыгарды" деген маалымат камтылган видео жарыяланган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 19 жаштагы Р.Б. аттуу жаран 12-ноябрга караган түнү болжол менен саат 3:00дө Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде тапанча менен асманга атканы аныкталган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган жаран бүгүн, 24-ноябрда, Ленин райондук милиция бөлүмүнө алып келинген.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЫкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган жаран бүгүн, 24-ноябрда, Ленин райондук милиция бөлүмүнө алып келинген
Задержанный по подозрению в стрельбе из огнестрельного оружия в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында аталган жаран бүгүн, 24-ноябрда, Ленин райондук милиция бөлүмүнө алып келинген
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 121-беренеси ("Калктуу пунктта ок чыгаруу") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0