Бишкек — Ош жолунда фура менен болгон жол кырсык

Бишкек Ош жолунда фура оодарылып, 500дөй унаа өтө албай турат. Сүрөт

156
(жаңыланган 14:01 24.11.2021)
Мындан бир саат мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду бир тараптуу ачып, өткөрө баштаганын кабарлады.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында MAN үлгүсүндөгү фура чиркегичи менен кошо оодарылып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Фура марки MAN с прицепом перевернулась на трассе Бишкек — Ош, из-за чего образовалась пробка из более 500 машин. 24 ноября 2021 года
    Бишкек — Ош трассасында MAN үлгүсүндөгү фура чиркегичи менен кошо оодарылып калды
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Фура марки MAN с прицепом перевернулась на трассе Бишкек — Ош, из-за чего образовалась пробка из более 500 машин. 24 ноября 2021 года
    Мындан улам саат 9:00дөн бери 500дөн ашуун автоунаа өтө албай туруп калганы айтылат
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Фура марки MAN с прицепом перевернулась на трассе Бишкек — Ош, из-за чего образовалась пробка из более 500 машин. 24 ноября 2021 года
    Жол кырсык Токтогул районунун Беке-Чал айылында катталган
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Бишкек — Ош трассасында MAN үлгүсүндөгү фура чиркегичи менен кошо оодарылып калды

Мындан улам саат 9:00дөн бери 500дөн ашуун автоунаа өтө албай туруп калганы айтылат.

Жол кырсык Токтогул районунун Беке-Чал айылында катталган. Мындан бир саат мурун ӨКМ жолду бир тараптуу ачып, машиналар өтө баштаганын кабарлады.

Фураны калыбына келтирүү үчүн жеринде куткаруучулар, автокран жана жүктөгүч иштеп жатат. Айдоочусу жаракат алган эмес.

156
Белгилер:
Бишкек - Ош жолу, фура, ӨКМ, сүрөт
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (193)
Тема боюнча
"Түндүк электрдин" унаасындагы үч адам көз жумган. Чүйдөгү кырсыктын чоо-жайы
Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт
Адамдар күйүп кеткен. Болгарияда автобус кырсыктап 45 киши көз жумду
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынан табылган буюмдар

УКМК: эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

119
(жаңыланган 21:21 29.11.2021)
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар табылды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Задержанный по подозрению в вербовке МТО в Бишкеке
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, жети даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудиофайлдар табылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

119
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, террордук уюм
Кылмыш иш документи. Архив

Cузакта 9 жаштагы Сумая боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү

325
Иш алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Cузакта суу жээгинен сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанова боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, 27-ноябрда саат 17:00дөр чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган. Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып сөөктү карап чыккан соң, ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.

"Алгач иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган. Бирок Сумаянын сөөгү табылгандан кийин "киши өлтүрүү" боюнча квалификацияланды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыштын бетин ачуу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Уткирбек Сулайманов кайрылып, ошол эле күнү саат 12:40тар чамасында тогуз жаштагы кызы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кызды издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, элдик кошуундун 250 мүчөсү жана 150 ыктыярчы тартылган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумаянын бир дагы камерага түшпөгөндүгү белгилүү болгон.

325
Белгилер:
кылмыш, милиция, Сузак району
Тема боюнча
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет Алтын топ сыйлыгын алды

Рекорд! Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды

0
(жаңыланган 10:04 30.11.2021)
Акыркы 10 жылда футболдо Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Франциялык "ПСЖ" футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Бул футбол тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейин бир да оюнчу футболдогу эң престиждүү сыйлыкка жети жолу татыган эмес.

Европадагы эң мыкты футболчуга берилүүчү "Алтын топту" тапшыруу аземи Париждеги "Шатле" театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен экинчи орунду "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовский ээледи. "Челси" жана Италия курама командасынын футболчусу Жоржиньо үчүнчүгө илинди.

Акыркы 10 жылда Мессиге негизги атаандаш катары саналып келген Криштиану Роналду бул ирет алдыңкы бештикке да кирген эмес.

Месси акыркы сезондо Испаниянын "Барселона" командасынын сабында жана Аргентина курамасы менен 47 оюнга чыгып, 38 гол киргизген. Июль айында Америка Кубогу мелдешинде чемпион болгон. Бул анын улуттук команда менен уткан экинчи ири мелдеши. 2008-жылы футболчу Олимпиада чемпиону болгон.

Жайында Месси каталондук клубдан кетип, франциялык "ПСЖ" командасынын сабына кошулган.

Аргентиналык оюнчу "Алтын топ" сыйлыгын буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары алган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу айрым өлкөлөрдө чемпионаттар аягына чейин ойнолбогондуктан бул абройлуу сыйлык берилбей калган эле.

Месси бул жарышта сыйлыкка төрт ирет удаасы менен татыган, эң көп: алты жана жети жолу уткан уникалдуу рекорддору менен өзгөчөлөнөт.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылы France Football журналы тарабынан Европанын эң мыкты футболчусуна берилүүчү сыйлык катары негизделген (спорттук журналисттердин пикиринин негизинде).

2010-жылы ФИФА менен France Football "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу" сыйлыктары бириктирилип бериле баштаган. Мында жеңүүчү клубдардын капитандары жана улуттук командалардын машыктыруучуларынын добуш берүүсү менен аныкталган.

2016-жылдын сентябрь айында France Football аталган сыйлыкты өз алдынча бере баштаганын жар салган болчу.

0
Белгилер:
Лионель Месси, Алтын топ, сыйлык, футбол
Тема боюнча
Месси Пеледен ашып өтүп Түштүк Америка континентинин бомбардири болду
Мессинин буту сынып кала жаздады... Оюндагы опурталдуу учурдун видеосу