Бишкек шаарында асманды көздөй ок чыгарган уландын тапанчасы

Бишкек: ок чыгарган уландын ГБРде иштээри аныкталып, тапанчасын тапшырды

149
(жаңыланган 10:59 25.11.2021)
Интернетте камуфляжчан жигиттин Бишкектин борборунда жүрүп, эч себепсиз эле асманды көздөй аткан видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында асманды көздөй ок чыгарган улан чындыгында эле жеке күзөт агенттиктеринин бириндеги Тездик менен аракетке келүүчү (ГБР) топто иштейт. Бул туурасында борбор калаанын Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

Удостоверение сотрудника ГБР стрелявшего в воздух в центре Бишкека. 25 ноября 2021 года
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района Бишкека
Күзөт агенттиктеринин бириндеги Тездик менен аракетке келүүчү (ГБР) топто иштегендигинин күбөлүгү

Буга чейин социалдык тармакта камуфляж формачан жигиттин Бишкектин борборунда жүрүп, түндө эч себепсиз эле асманды көздөй аткан видеосу тараган. Тартип сактоочулар 19 жаштагы уланды таап, милиция бөлүмүнө жеткирген. Ал арада ЖМКлар жигиттин ГБРде иштээрин жазды.

Маалыматта Р. Б. МР-371 КВ үлгүдөгү тапанчасын, огу жок магазинди тапшырып бергени жана ал боюнча экспертиза дайындалганы айтылды.

Иликтөө Жоруктар кодексинин 121-беренесинин ("Эл жашаган аймакта ок чыгаруу") негизинде уланып жатканын кошумча кабарлашты.

149
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, асман, ок атуу, милиция, тапанча
Тема боюнча
Үлпөт тойдо мылтыктан ок аткан бала Ысык-Атадан табылды. Видео
Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынан табылган буюмдар

УКМК: эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

102
(жаңыланган 21:21 29.11.2021)
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар табылды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Задержанный по подозрению в вербовке МТО в Бишкеке
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Шектүү

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын жанынан Макаров тапанчасы, төрт даана бычак, эки даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, жети даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудиофайлдар табылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

102
Белгилер:
Кыргызстан, УКМК, террордук уюм
Кылмыш иш документи. Архив

Cузакта 9 жаштагы Сумая боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү

295
Иш алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Cузакта суу жээгинен сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанова боюнча иш "киши өлтүрүү" беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эске салсак, 27-ноябрда саат 17:00дөр чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган. Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып сөөктү карап чыккан соң, ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.

"Алгач иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган. Бирок Сумаянын сөөгү табылгандан кийин "киши өлтүрүү" боюнча квалификацияланды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыштын бетин ачуу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 18-ноябрында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Уткирбек Сулайманов кайрылып, ошол эле күнү саат 12:40тар чамасында тогуз жаштагы кызы Сумая Хосилжанова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Кызды издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, элдик кошуундун 250 мүчөсү жана 150 ыктыярчы тартылган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларында да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумаянын бир дагы камерага түшпөгөндүгү белгилүү болгон.

295
Белгилер:
кылмыш, милиция, Сузак району
Тема боюнча
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
Көчөдө бараткан аял. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды