Кемерово облусундагы ураган шахтаданын жаныдагы медицина кызматкерлери

Президент Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

76
(жаңыланган 00:13 26.11.2021)
Кемерово облусунда 300дөй киши эмгектенип жаткан маалда шахта ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, 11 киши каза таап, отуздан ашык адам дайынсыз болууда.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтада болгон кырсыктын кесепетинен жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша эртең менен "Листвяжная" шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. 11 кенчи каза таап, 60 киши жабыркап, алардын 37си ооруканага жаткырылган. Ошондой эле үч куткаруучунун сөөгү табылганын РИА Новости жазды.

"Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасында болгон авариянын натыйжасында шахтёрлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Соңку маалыматтар боюнча, 35 кенчи шахтадан чыга элек, алар менен байланыш жок болууда. Метан көп чыгып жатканына жана жарылуу коркунучу болгонуна байланыштуу издөө иштери токтотулган. Каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун өздүгү аныкталып, алардын туугандары менен дарыгер жана психологдор иштеп жатат. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

76
Белгилер:
Садыр Жапаров, Владимир Путин, шахта, кырсык, өлүм, көңүл айтуу
Тема боюнча
Казакстанда шахтада 6 киши метанга ууланып көз жумду
Өспүрүм кызды ийининен кармап турган адам. Иллюстративдүү сүрөт

Сокулукта сабалып, зордукталган өспүрүм. Айыл эли милициянын алдына чогулду

734
(жаңыланган 11:55 06.12.2021)
5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Алар тергөөнү мыйзам чегинде жүргүзүүнү талап кылышты.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-декабрь күнү, милицияга белгисиз киши 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Териштирүү учурунда жабырлануучунун атасы 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун ИИББдин жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында 31 жаштагы К.Н. аттуу жаран кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Белгилеп кетчү жагдай, окуя болгон күнү, 5-декабрда, Сокулук районунун айылдарынын биринин 50дөй жашоочусу Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар таркап кетишкен.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери уланууда.

734
Белгилер:
Сокулук району, милиция, кылмыш, зордуктоо
Тема боюнча
Зордуктады деп каматам! 100 миң сом талап кылды делип милиционер кармалды
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду

Эки адам мерт болду. Кочкордо бакты сүзгөн BMW талкаланып калган

374
Кырсык кан жолдун Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында катталган. Каза болгондордун аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  •  В Кочкоре машина марки BMW врезалась в дерево, погибли два человека
    Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  В Кочкоре машина марки BMW врезалась в дерево, погибли два человека
    Кырсык кан жолдун Семиз-Бел айылында катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда катталган жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык кан жолдун Семиз-Бел айылында катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Кырсыктан бир эркек жана бир аял кишинин каза болгону айтылды. Көз жумгандардын аты-жөнү такталууда.

Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, ИИМ кызматы жана Тез жардам кызматы тартылган.

374
Белгилер:
ӨКМ, унаа, жол кырсык, өлүм, Нарын облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Lexus жарабай калган. Чүйдөгү жол кырсыктын бир адам каза болду. Сүрөт
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

8
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

8
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары