Уюшуп бусик менен келишиптир. Текебаев кол салгандар тууралуу. Видео

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүү"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөн саясатчынын үстүңкү эрини жарылып, шишип турганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болду. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармак аркылуу билдирди.
Ал бул окуяны өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.
"Бет кап тагынган балдар келип "автобуска салып кетебиз, ошол жакка барып сүйлөшөбүз" дешти. Ары-бери түртүшүп, айтышкандан кийин эки жактан адамдар келип, телефондоруна тарта баштаган. Анан алардын да, менин да телефонумду тартып алып кетишти. Көз айнегимди дагы алып кетишиптир. Балдар уюшуп бусик менен келишиптир", — деп айтты Текебаев.
Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөн саясатчынын үстүңкү эрини жарылып, шишип турганын көрүүгө болот. Окуя борбор калаадагы мейманканалардын биринин алдында болгон.
Бишкек шаардык милициясы аталган окуя боюнча бир аздан кийин маалымат берүүнү убадалады.
Азыркы тапта Текебаевдин тарапташтары нааразычылык билдирип, УКМК имаратынын алдына чогулуп, кайра партиянын штабына кетишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0