Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРМаалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген - Sputnik Кыргызстан
1/2
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРТартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
1/2
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
2/2
Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.
"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:
  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
Жаңылыктар түрмөгү
0