Жер титирөөдөн жабыр тарткандар жок

Жазылуу
Ысык-Көл областынын аймагында эки жер титирөө болуп, андан жабыр тарткандардын жоктугун билдирди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Алынган маалыматтарга таянсак, күчү жети упайга жеткен силкинүүлөр саат 07.24дө Кажы-Сай айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 17 чакырым жана Тоң айылынан 60 чакырым аралыкта катталган.

Экинчи жолу жер титирөө саат 8:09 катталды. Анын очогу Кажы-Сай айылынан 5 чакырым жана Тоң айылынан 16 чакырым аралыкта жайгашкан. ӨКМдин билдирүүлөрү боюнча, жабыр тарткандар жок, бирок имараттарда жаракалар болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0