Жолдорду мыйзамсыз тоcкондорго айыптар

Жазылуу
Жол тосуу фактыларынан кийин ЖК депутаттары мындай тартип бузуулар үчүн Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизишти.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 29-октябрда жол тоскондор тарта турган айып төлөмдөрдү жана кылмыш жаза жоопкерчилигин караган мыйзамга кол койду. Сентябрдын аягында депутаттар тийиштүү мыйзам долбоорун үчүнчү окулушунда кабыл алышты.

Парламентарийлер аталган мыйзам долбоорун коррупцияга шектелип кармалган эл депутаты Ахматбек Келдибековго колдоо көрсөтүү иретинде Ош — Эркештам жолун торогондон кийин демилгелеп чыгышкан. Митинг бир айдан ашуун убакытка уланып, натыйжада, ири автоунаа менен жүк ташыган ишкерлер бир топ чыгым тарткан.

Андан сырткары "Каракол — Бишкек жолун "Кумтөр" долбоорунда КРдин үлүшүн 67%га көбөйтүү талабы менен чыгышкан Саруу айылынын тургундарынын митингдери да белгилүү. Кан жолду буугандык үчүн кандай жаза каралгандыгын Sputnik жасаган инфографикадан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0