Калпак - кыргыздын улуттук баш кийими

Жазылуу
Ак калпак — кыргыздын байыртан бери келе жаткан жана азыр да өз ордун жоготпогон улуттук баш кийими.
Аны чет элдик сый меймандарга жана үй-бүлөдө той ээлерине тартуулашат, аны жумушка да, тойлорго да, мейманга да кийип барышат. Ак калпакчан аталарды, агаларды жана жаш уландарды 5-мартта айрыкча көп жолуктурууга болот. Дал ушул күнү 2011-жылдан тартып бүтүндөй кыргыз эли Ак калпак күнүн белгилеп келет. Анын сырткы жупуну көрүнүшүндө кылымдардан бери сыналып бышыкталган ыңгайлуулугу жана жөнөкөй көркөмдүгү катылган. Бул баш кийим күндүн ысыгынан да, жаан-чачындан, сууктан да мыкты коргойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0